Мектептин тарыхы

                  «Аманат» Октябрь жалпы билим беруу орто мектебинин тарыхы

                         «Аманат» Октябрь жалпы билим беруу орто мектеби 2020-жылы 8-декабрда негизделген.

 

Чуй облусуна караштуу Аламудун районунун Октябрь айылында «Ас-Сафа Борбору» Коомдук Бирикмесинин колдоосу менен Кувейт элинин каржылоосунда Кыргыз Республикасынын билим беруу илим тармагын колдоо учун салынган «Аманат» Октябрь жалпы билим беруу орто мектеби. Мектептин жанында Социалдык шаарча салынган. Социалдык жактан аз камсыз болгон уй-булоонун балдарын кабыл алуу менен балдарды жакшы тарбиялап, узгултуксуз мектепке барып билим алуусуна шарт тузуп берип, кыйналган уй-булоолорго жардам учун ачылган.

 

Биздин максатыбыз окуучуларга эффективдуу билим беруу, окуучулардын ой жугуртуусун, инсанга багыттап окутууда ойлоо иш-аракеттерин активдештируу, келечекте оз мекенин суйгон, мекенине пайдалуу, билимдуу, ыймандуу, адептуу,окуучуларды тарбиялап остуруу.

«Аманат» Октябрь жалпы билим беруу орто мектебине 6 жаштан 18 жашка чейинки мектеп курагындагы окуучулар кабыл алынат.

2021-жылдын 15-июнунан тартып Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлиги тарабынан каттоодон отуп «Аманат» Октябрь жалпы билим беруу орто мектеби деп аталды. Мектептин мугалимдери жогорку жана орто билимдуу предметтик мугалимдер кабыл алынып, жалпы жаамат толукталды. Билим Беруу Министрлигинен Лицензия алгандан тарта 2021-2022-окуу жылынын 15-сентябрында мектептин ачылышы болуп, мектепте окуучулар билим алып башташты.

Окуучуларга окуу программасынан сырткары башталгыч жана жогорку класстарга чет тил кружоктору отулот. Окуу программасын оздоштурууго жардам беришип мугалимдер, окуучулар менен сабактан сырткары кошумча сабактар менен алектенип, жетишпеген сабактарын козомолдоп турушат. Диний сабактар отулбойт.

Мектептин ичинде окуучулардан озун-озу башкаруу комитети-Парламент тузулгон. Парламент мучолору окуучуларды тарбиялоодо оз салымын кошуп келишет. Окуучулар жана класстар арасында ар кандай конкурстар, ачык сабактар откорулуп турат. Окуусунан, журум-турумунан айырмаланган улгулуу окуучулар мактоо баракча, грамота жана белектер менен сыйланат. Окуу жылында окууларында жакшы жетишкендиктерди корсото алган жакшы окуган, кружокторго катышып жакшы оздоштургон, мектеп ичинде откорулуп турган иш чараларда озун активдуу корсото алган окуучулар Мамлекеттик Улуттук Тарых музейине, мамлекеттик китепканаларга, Бишкек шаарындагы мекемелерге жана башка ар кайсы жака экскурцияга эс алууга алып барып турабыз.

Мектеп 2 кабаттуу 1 корпустан турат. 1-кабаты башталгыч класстардын 5 кабинети жана 1 предметтик кабинет, ашкана, спорт зал, административдик болмо. Ал эми 2-кабаты 6 предметтик кабинеттер, китепкана, мед. пункт жана мугалимдер болмосу. 2 Футбол аянтчасы бар.

Мектепте жагымдуу атмосфера тузууго максималдуу аракет кылынып, окуу процессине керектуу эмеректер, интерактивдуу доскалар, окуучулар жана мугалимдер учун компьютерлер менен жабдылган.

Мектеп эч кандай саясий жана диний топтордун мучосу эмес.

Бизге Республиканын ар кайсы аймагынан окуучулар келет. Мектепке талап кылынган документтеринин топтому менен кабыл алынат. Жалпы окуучуларга жагымдуу жагдай тузууго аракет кылат мугалимдер.

Жайгашкан жери: (дареги) Кыргыз Республикасы, Чуй облусу, Аламудун району, Октябрь айыл аймагы, 44 га конушу, н/ж.

Мектептин директору: Карагулов Эркинбек Байышбекович-мектеп негизделгенден бери жетектеп келет.

Байланыш телефон номери: 0772 333 384

 

 

Жалпы кызматкерлер

                 «Аманат» Октябрь жалпы билим беруу орто мектебинде кызмат кылган жалпы жамаат

 

«Аманат» Октябрь жалпы билим беруу орто мектебинде 2021-жылдын 15 сентябрынан тартып азыркы учурга чейин жалпы 32 кызматчы жумушка кабыл алынып кызмат кылат. Мектеп Администрациясы мектептин директору Карагулов Эркинбек Байышбекович, окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары Мурзаева Кундуз Калыбековна, уюштуруучу Абдураимова Нурийла Тахировна, административдик-чарба иштери боюнча директордун орун басары Боронбеков Айбек Айдарбекович. Предметтик мугалимдер 19, 3 усулдук бирикме тузулгон. Гуманитардык усулдук бирикме жетекчиси Турсунбекова Бегишай Хурсанбаевна, так илимдер усулдук бирикме, жетекчиси Пирманов Сулайманкул Абдирашитович, башталгыч класстар усулдук бирикме, жетекчиси Калманбетова Айжамал Темирбековна. 3 кароолчу, 6 тех. жумушчулары, 2 жылуулукка жооп берген от жагуучулар, уста  1.