Окуу-тарбия иштерине анализ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ

Аламүдүн районундагы “Аманат” Октябрь жалпы билим берүү орто мектеби

 

 

 

 

 

 

 

 

2021-2022-ОКУУ ЖЫЛЫНДАГЫ ОКУУ-ТАРБИЯ ИШТЕРИНЕ АНАЛИЗ

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2022-жыл   

                                                                               

Октябрь айылы

Мектеп жөнүндө жалпы маалымат

Аламүдүн районундагы “Аманат” Октябрь жалпы билим берүү орто мектеби 2021-жылдын 15-сентябрында ишке берилген, жалпы 360 окуучуга эсептелген.

Типтүү имарат, жылуулугу- автономдуу от казаны, көмүр менен жылытылат. Окуучулар кыргыз тилинде окушат. Окуу процесси 1-9-класстар үчүн-5 күн, 2 кезметте жүргүзүлөт: 8.00-13.00, 13.00-18.00.

2021-2022-окуу жылында мектепте 14 класс комплект: 0-класс боюнча- 2 – 40 окуучу, 1-4 класс боюнча-8класс- 160 окуучу, 5-9 класс-6 класс- 152 окуучу бар.

Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин Чүй-Бишкек Юстиция башкармалыгы тарабынан “Аманат” Октябрь жалпы билим берүү орто мектеби мекемеси” деп аталып, №0069122  ГРЮ сериясындагы 2021-жылдын 15-июнундагы юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон  өттү, Күбөлүгү 198177-3308-М-е каттоо номери, ИУЖК коду — 29352010 менен катталды.                            Мектептин Уставынын негизинде мөөрү жана күбөлүгү бар, юридикалык жактан ээ болгон жалпы билим берүүчү орто мектептин катарына кирет.

Аламүдүн районундагы “Аманат” Октябрь жалпы билим берүү орто мектеби Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлигинин 2021-жылдын 28-майындагы №869/1 буйругу боюнча бекитилген Базистик окуу планынын негизиндеги окуу пландарынын, Аламүдүн РБББ жана мектептин пландарынын негизинде окуу-тарбия иштерин жүргүздү. Мектепте билим берүү жаатында мамлекеттин билим берүү принциптери сакталат.                                                                                                             Жалпы орто билим алууда жарандардын укуктары сакталат. Мектеп башкаруусу билим сапатын жекечелүүлүгүн камсыз кылууга багытталган принципте иш алып барат.

Мектеп башкаруусун жетекчиси: Карагулов Эркинбек Байышбекович   тел:+996772333384 эл.почта дареги: [email protected]                                                                                                                   директордун окуу тарбия иштери бюнча орун басары: Мурзаева Кундуз Калыбековна тел:+996704053444 [email protected],                                                                                                      уюштуруу иштери боюнча директордун орун басары Абдураимова Нурийла Тахировна тел:+996708253050; Соцпедагог: Эмир уулу Элдияр тел:+996709221416  тарабынан иш алып барылат.

Ар бир мектеп администрация кызматкер үчүн функционалдык иш милдеттери бекитилген  макулдашылып, тааныштырылган.

Мектепте 2021-2022-окуу жылында жыл башында 352 окуучу окуучуларга билим-тарбия берүүдө 19 мугалим, 11 кенже жумушчу-кызматкерлер эмгектенет. Мектепте педагогикалык кеңеш, методикалык бирикмелер, ата-энелер комитети, алдын алуу кеңеши, мектеп парламенти иш алып барат. Көп маселелер жалпы мектептин, класстык ата-энелердин чогулуштарында, директор алдындагы, администрациянын алдындагы кеңешмеде чечилип протоколдор түзүлөт. Балдардын өспүрүмдөрдүн социалдык калыптанышы үчүн жагымдуу психологиялык абал түзүп, педагогикалык жактан максатка ылайыктуу социалдык чөйрөнү, шарттарды камсыз кылуу – мектептин негизги максаты. Баланын коомго аралашуусуна, коомдо өз ордун табышына жана баланын укугун коргоо менен үй-бүлөдөгү жана коомчулуктагы ырайымсыз мамилени болтурбоо аракеттерин жасоо менен иш алып барылат.

 

-Соцпедагогикалык жардам

-Алдын алуу кеңеши                                                                                                                                                                      -Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы                                                                                                                   -Мектеп парламенти                                                                                                                                                Мектеп парламенти өз ишине – мектеп президенти, ички иштер, маданият, ден соолук, спорт, билим берүү министрликтерин башкарат.

Мектепте билим алуу мүмкүнчүлүктөрү жынысына, тилине, жашаган жерине, жашына, ден-соолугуна, социалдык абалына карабастан жалпы билим алуу бекер берилет. “Аманат” Октябрь жалпы билим берүү орто мектебинин жанында социалдык шаарча курулган, ошол шаарчанын жашоочуларынын балдары жана жаңы конуштун жашоочуларынын балдары үчүн территорияда жашаган жарандарга баарына кабыл алуу шарттары түзүлгөн. Кабыл алууда мектеп жетекчисине арыз жазуу менен окуучу алынат, ата-энеге мектептин Уставы жана башка документтер менен тааныштырылат. Даярдоо классына 6-жаштан баштап балдар кабыл алынат, ал эми 1-класска толук 7 жашка толгон балдар кабыл алынат. Класстан калтырылган окуучулар, мектепке тартылбай калган окуучу жок.                                                                   Мектеп келечекте Кыргызстандын жогорку окуу жайлары, колледж, лицейлер менен тыгыз кызматташып, аларга кесип тандоого багыт берип, бүтүрүүчүлөр өздөрү каалаган окуу жайда билимин уланта тургандай пландарды курууда.

Мектепте басым окутууга жана тарбиялоого жасалат, мектеп жана үй-бүлөнүн кызматташуусу боюнча демилгелер колго алынган, окуучулардын билим сапатын жана деңгээлин көтөрүү, мектептин материалдык техникалык базасын чыңдоо максатында “Ас-Сафа” Кувейт өлкөсүнүн коомдук бирикме уюмдарына долбоор жазуу, иштөө аркылуу ишке ашырылат:

-педагогикалык кеңеш

-методикалык бирикме

-мугалимдердин эмгек шартына жараша иш ордун текшерүү комиссиясы

-шыктуу балдар менен иштөө

-алдын алуу кеңеши

-бирдиктүү маалымат бурчу(жанылануулар менен таанышуу)

-билим берүүнү өнүктүрүүдө жаңыча билим берүү программаларын киргизүү                                                              (социалдык өнөктөш, долбоор)

 

 

 

 

БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫН КАМСЫЗДОО САЯСАТЫНА МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР

Билим берүү уюмунун так аныкталган жана кабыл алган миссиясы, анын негизинде иштелип чыккан жана бекитилген, кызыкдар тараптардын керектөөлөрүнө ылайык келген стратегиялык жана учурдагы пландардын болуусу. Билим берүү уюмунун миссиясынын негизинде иштелип чыккан жана кабыл алган билим берүү максаттарынын жана окутуунун күтүлүүчү натыйжаларынын болуусу

Мектептин миссиясы: Мектеп окуучулары үчүн көп маданияттуу жана жогорку технологиялык чөйрөдө жашоого жана кесиптик ишке ашырууга зарыл болгон негизги компетенттүүлүктү өздөштүрүүсү үчүн оптималдуу шарттарды түзүү.                                                                                          Кыргыз Республикасында жалпы мектептик билимдин мамлекеттик билим берүү стандартын ишке ашыруу үчүн билим берүүнүн мазмунун жана окуучулардын билим алуу сапатын өркүндөтүү:

  1. Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу
  2. Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу
  3. Ден соолукту сактоочу чөйрөнү түзүү
  4. Мектеп китепканасынын ишин жакшыртуу

Негизи: Жалпы билим берүүнүн мазмунун жаңыртуу стратегиясы: Жалпы орто билим берүүнү жаңыртуу боюнча документтерди иштеп чыгуу үчүн материалдар. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги (Жаңыланган Мамлекеттик билим берүү стандарты (МББС) боюнча окутууга акырындык менен өтүү (2014-жылдын 21-июлундагы № 403 КРӨ токтому менен бекитилген)

Максаты: Жаңыланган Мамлекеттик билим берүү стандартын (МБС) негизги жана предметтик компетенттүүлүктү өздөштүрүү деңгээлинде ишке ашыруу жана окуучуларга билим берүүнүн жана тарбиялоонун сапатын жогорулатуу контекстинде мугалимдердин кесиптик өсүшү үчүн шарттарды түзүү.

МИЛДЕТТЕРИ:

  • мамлекеттин жана коомдун буйрутмаларын аткаруу шарттарында мектептин уюштуруучулук, педагогикалык жана административдик түзүмүн өнүктүрүү;
  • жаңыланган мамлекеттик билим берүү стандартын киргизүү контекстинде мектепте жалпы орто билим берүүнү ишке ашыруу;
  • мектептин материалдык-техникалык, маалыматтык жана ден соолукту чыңдоо базасын өркүндөтүүнүн негизинде билим берүү блогун өнүктүрүү;
  • педагогикалык жамааттын квалификациясын жогорулатуу жана өзүн-өзү өркүндөтүү ишмердүүлүгү үчүн шарттарды түзүү;
  • окуучулардын чыгармачылык жөндөмдөрүн эрте аныктоо жана өнүктүрүү үчүн жеке суроо-талаптары, мүмкүнчүлүктөрү жана каалоолору үчүн диагностикалык методикалардын топтомун даярдоо;
  • мектептин усулдук кызматтары тарабынан бир катар тренингдер жана семинарлар аркылуу мугалимдердин кесиптик өзүн-өзү өркүндөтүүсүнө жана билим берүү маселелеринде ата-энелердин психологиялык-педагогикалык сабаттуулугун жогорулатууга жардам көрсөтүү;
  • дүйнөлүк шериктештикке ийгиликтүү интеграциялануу үчүн эки чет тилди (англис жана араб) үйрөнүү үчүн чөйрөнү түзүү;
  • окуучулар арасында жана мектеп кызматкерлери үчүн ден-соолукту сактоо чөйрөсүн түзүү;
  • 5-9-класстардын окуучуларынын арасында МКТыны колдонууну өркүндөтүү максатында информатика боюнча ийрим түзүүжана иштетүү;
  • мектептеги интернет байланышын камсыз кылуу;
  • окутуучулар үчүн окуу, предметтик-усулдук сайттарды көрсөтүү менен семинарларды өткөрүү;
  • сабактарга даярданууда материалдарды колдонуу үчүн МКТ боюнча усулдук колдонмолорго жазылуу;
  • билим берүү долбоорлоруна мектептин активдүү катышуусу;
  • мектептин веб-сайтын түзүү;
  • окуучулар арасында МКТ боюнча ыктыярчылар кыймылын колдоо;
  • видеоконференцияларды уюштуруу, МКТыны колдонуп өнөктөш мектептер менен изилдөө иштерин жүргүзүү.

 

КҮТҮЛҮҮЧҮ НАТЫЙЖАЛАРЫ:

  • жаңыланган Мамлекеттик билим берүү стандартын (МБС) этап-этабы менен ишке ашыруунун шартында, негизги жана предметтик компетенттүүлүктү өздөштүрүү деңгээлинде жана окуучуларга билим берүүнүн жана тарбиялоонун сапатын жогорулатуу менен, мугалимдердин сабак иш-аракеттерине МКТ мүмкүнчүлүктөрүн милдеттүү түрдө киргизүү менен мугалимдердин МКТ боюнча квалификациясын жогорулатуу;
  • материалга негизделген жана МКТны колдонуп класстан жана класстан тышкаркы иш-чараларды өткөрүү;
  • бул багытта окутуучулар жана окуучулар үчүн бир катар тренингдерди өткөрүү;
  • окуучулар арасында жана мектеп кызматкерлери үчүн ден-соолукту сактоочу чөйрөнү колдоо; видеоконференцияларды уюштуруу, МКТны колдонуп өнөктөш мектептер менен изилдөө иштерин жүргүзүү.
  • МКТ технологияларын окутуу шарттарын өркүндөтүү: компьютердик технологияларды, Microsoft Office программаларын колдонуу боюнча окутуучуларга окутуу семинарларын даярдоо жана өткөрүү.
  • сабактарга даярданууда материалдарды колдонуу үчүн МКТ технологиялары боюнча усулдук колдонмолорго жазылуу.
  • мектептин билим берүү долбоорлорундагы ишин улантуу;
  • мектептин веб-сайтын өркүндөтүү;
  • окуучулар арасында МКТ боюнча ыктыярчылар кыймылын кеңейтүү;
  • мектептин материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү жана өркүндөтүү.

 

Жыл сайын стратегиялык жана учурдагы пландардын, билим берүү максаттарынын, окутуунун натыйжаларынын аткарылышын иликтөө, аткаруунун натыйжаларын талдоо жана тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү

Мектеп “ Окуу процессинде сабактын эффективдүүгүн жогорулатуу менен окуучулардын предметке болгон кызыгуусун арттыруу, акыл-эсин, ой-жүгүртүүсүн өстүрүү жана жеке инсандык өзгөчөлүгүн калыптандыруу” деген методикалык теманын үстүндө иш алып барат

1Окуучулардын билим деңгээлин текшерүүбелгиленген убактарда текшерүү иши, жат жазуу, тест, лабораториялык иштерди алуу
2Окутуунун активдүү формаларын колдонуу менен ар кандай деңгээлдеги окуучуларга дифференсирленген мамиле кылууну  мугалимдердин иш тажрыйбасынан көрүүачык сабактарга катышуу менен мугалимдерге методикалык жардам көрсөтүү
3Мугалимдердин деңгээлдештирип иштөө боюнча иш тажырыйбасын жайылтуубирдиктүү методикалык күндөрдү уюштуруу
4Деңгээлдештирип окутуу боюнча билим сапатынын монитрингин чыгаруу. Окуучулардын чыгармачыл иштерин уюштуруу.окуучулардын жөндөмдөрүн эске алуу менен түрдүү формадагы долбоорлого, конкурстарга катышуунун жыйынтыгы
5Мугалимдердин, усулдук бирикмелердин иштөө боюнча ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгаруу. Компетенттүү окуучулардын окуу процессиндеги активдүүлүгүн көрсөтүү.Билим берүүнүн сапатынын жогорулашы.Окуучулардын таанып билүүчүлүгүнүн ѳсүшү

 

Билим берүүнүн сапатын камсыздоо саясатын ишке ашырууга, көзөмөлдөөгө жана кайра кароого билим берүү уюмунун жетекчилигинин, педагогикалык жамааттын, окуучулардын жана кызыкдар тараптардын катышуусу

2021-2026-жылга чейин мектепти ѳнүктүрүү программасынын алкагында, мектептин бирдиктүү методикалык темасы кабыл алынган. Мектептин методикалык темасынын негизинде билим берүүнүнүн сапатын камсыздоо саясатын ишке ашыруу үчүн окуучулардын  окуу программаларын өздөштүрүү деңгээлине жараша педагогдор дифференцирленген мамиле кылуунун үстүндѳ иш алып барат.

А) жөндөмдүү окуучулар менен жекече иш алып баруунун натыйжасында предметтик олимпиадаларда алдыңкы орундарды камсыздоо

Б) мектепте жаңы инновациялык иштерди жүргүзүүгѳ шарт түзүү менен билим берүүнү модеринизациялоонун комплекстүү долбоорун ишке ашыруу

В) окуучулардын логикалык ой жүгүртүүлѳрүн ѳнүктүрүү менен бирге ѳздѳштүрүүсү начар окуучулар үчүн дифференцирленген мамиле кылуу аркылуу чыгармачыл ѳнүгүүсүнѳ жол ачуу

Г) билим берүү уюмунда уюшулган окутуучу маалымат берүүчү иш чараларга, тегерек столдорго, окуучулардын илимий долбоорлоруна ата-энелерди тартуу.

Билим берүүнүн сапатын камсыздоо саясатын билим берүүнүн сапат менеджментинин документтештирилген системасынын жардамы менен киргизүү

Мектептин ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, балдардын укугу жөнүндө Конвенция, КР Өкмөтүнүн жана Президентининин жарлыктары, токтомдор, мектептин уставы, жалпы билим берүү уюм жөнүндө жобо, кызматтык инструкциялар, буйруктар жана башка нормативдик- актылар аркылуу ишке ашат.

Локалдык актынын аталыштырыТаянуучу нормативдик актылар
1Мектептин ички тартип эрежесиКРнын билим берүү жөнүндөгү мыйзамы;

Мектептин педагогикалык кеңеши

№1 токтому, 2019-ж август

2Эмгек келишимдериКРнын билим берүү жөнүндөгү мыйзамы;

КРнын эмгек кодекси;

Мектептин ички тартип эрежеси;

Мектептин педагогикалык кеңеши

№1 токтому, 2019-ж август

3Дем берүүчү эмгек акыны бөлүштүрүү тартиби жөнүндө жобоКРнын 2011-жылдагы Жалпы билим берүү педагогикалык  кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө жөнүндөгү №270  токтому
4Эмгекти коргоо боюнча нускамаКРнын Эмгек кодекси
5Кызматтык  нускамаларКРнын Мугалимдин статусу жөнүндөгү 2011-жылдын                              14-январындагы №9 мыйзамы

 

Өзүн-өзү башкаруу ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу локалдык актынын аталыштыры
1Педагогикалык кеңешме жөнүндө жобоБилим берүүнүн мамлекеттик стандарттары;

КРнын Билим берүү жөнүндөгү мыйзамы.

2Мектептик ата-энелер комитетттери жөнүндө жобоБилим берүүнүн мамлекеттик стандарттары;

Жыл сайын өткөрүлүүчү ата-энелер чогулушунун                                ата-энелер комитеттерин шайлоо жөнүндөгү  мектептин 24.09.2021-ж. №20 буйругу

3Укук бузууну алдын алуу кеңеши жөнүндө жобоМектеп директорунун Профилактикалык кеңешти түзүү жөнүндөгү 2021-жыл. 28-сентябрындагы №23 буйругу
4Мектеп окуучуларынын өзүн-өзү башкаруу уюмунун жобосуКРнын «Билим берүү жөнүндө», «Баланын укуктары  жөнүндө», «Саламаттыкты сактоо жөнүндө» «Өспүрүмдөр  арасында укукбузуучулукту алдын алуусу жөнүндө» укуктук актылар;

Мектептин ички тартип-эрежелеринин негизинде түзүлгөн мектеп парламентинин жобосу.

 

Администрациянын  ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу локалдык актынын аталыштыры
1Мектептин уставыКРнын билим берүү жөнүндөгу мыйзамынын негизинде
2Билим берүү уюму жөнүндө типтүү жобоЖалпы билим берүү уюму жөнүндөгү типтүү жобонун негизинде
3Ички көзөмөл жөнүндө жобоКРнын Билим берүү жөнүндөгү мыйзамына ылайык мектептин ички тартип-эрежелерине жана локалдык актыларына
Окуу процессин жөнгө салуучу локалдык актынын аталыштыры
1Административдик текшерүү иштери жөнүндө жобоКРнын мыйзамдарына, КРнын Өкмөтүнүн чечимдерине, Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик мыйзамдарына ылайык;
2Класстык журнал менен иш алып баруунун жобосуКРнын Билим берүү жана илим министрлигинин «Кадам артынан кадам» мугалимдер үчүн колдонмосу; Журнал менен иштөө
3Билим берүүнүнү сапатын баалоо системасы жөнүндө жобоКРнын Билим берүү стандарттарынын негизинде
4Календардык-тематикалык пландоо жөнүндө жобоКРнын билим берүү жана илим министрлигинин                 «Кадам артынан кадам» мугалимдер үчүн колдонмосу; Окуу процессин туура уюштуруу боюнча көрсөтмөсү.
5Окуучулардын жүрүм-турум эрежесиКРнын билим берүү жөнүндөгү мыйзамы;
6Предметтик олимпиаданын жоболоруРеспубликалык Олимпиаданы уюштуруу комитети  тарабынан түзүлгөн жоболордун  негизинде,

Мектеп директорунун жыл сайын олимпиада өтөрүү жөнүндөгү буйруктары.

Методикалык иштерди жөнгө салуучу локалдык актынын аталыштыры
1Мектептин усулдук кеңеши жөнүндө жобоМектеп директорунун Усулдук кенешти түзүү жана  башчыларын дайындоо жөнүндөгү буйругу
2Усулдук бирикмелер жөнүндө жобоКРнын Мамлекеттик билим берүү стандарты.

2011-жылдын 27-майында (.5-протокол) Кыргыз билим берүү академиясынын окумуштуулар кеңешинин чечими менен бекитилген Мектептик билим берүүдөгү

педагогикалык менеджмент сунуштамасынын негизиндеги усулдук бирикмелердин жобосу.

3Жаш мугалим жөнүндө жобоКРнын билим берүү жана илим министрлигинин «Кадам артынан кадам» мугалимдер үчүн колдонмосу;

Жаш мугалим үчүн көрсөтмө;

Мектеп директорунун насаатчылык иш алып баруу жана жаш мугалим мектеби жөнүндөгу буйругу.

4Насаатчылык жөнүндө жобо2011-жылдын 27-майында (5-протокол) Кыргыз билим берүү академиясынын окумуштуулар кеңешинин чечими менен бекитилген Мектептик билим берүүдөгү педагогикалык менеджмент сунуштамасынын негизиндеги насаатчылыкты уюштуруу көрсөтмөсү;

Мектеп жетекчисинин насаатчылык  иш алып баруу жана жаш мугалим мектеби жөнүндөгу буйругу.

5Мугалимдин портфолиосу жөнүндө жобо2011-жылдын 27-майында (.5-протокол) Кыргыз билим берүү академиясынын окумуштуулар кеңешинин чечими менен бекитилген Мектептик билим берүүдөгү педагогикалык менеджмент сунуштамасынын негизиндеги Мугалимдин портфолиосу жөнүндөгу көрсөтмө
6Окуу кабинеттеринин жобосуОкуу кабинеттеринин жобосун иштөө жөнүндөгү жана кабинет башчыларын дайындоо жөнүндөгү токтом.
7Педагогикалык чеберчиликтин конкурсу жөнүндө жобоРеспубликалык педагогиалык чеберчилик сынактарынын жоболоруна ылайык мектеп ички актыларынын негизинде жыл сайын чыгарылуучу мектеп жетекчисинин буйруктары.
8Класс жетекчилик жөнүндө жобоКРнын билим берүү жана илим министрлигинин «Кадам артынан кадам» мугалимдер үчүн колдонмосу – Класс жетекчинин ишмердүүлүгү боюнча көрсөтмө;

Жыл сайын чыгарылуучу мектеп директорунун класс жетекчини дайындоо  жөнүндөгү  буйруктар

Көмөкчү кызматтардын жөнгө салуучу локалдык актынын аталыштыры
1Мектеп соц-педагог жѳнүндѳгү ишмердүүлук жобоКРнын Билим берүү стандарттары – Балдардын ден соолугу;

КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин нормативдик актылары, педогогиканын жана психологиянын алдыңкы тажрыйбалары.

 

Билим берүү уюмунда билим берүүнүн сапат менеджментинин документтештирилген системасынын жардамы менен билим берүү сапатын камсыздоо саясатын киргизүүгө жооп берүүчү жооптуу адамдардын болуусу

Билим берүүнүн системасын өнүгүүсүнүн негизин түзүүдө жана ишке ашыруунун механизмин аныктоодо бир катар нормативдик документтердин пакети иштелип чыккан.

Алар: Республикадагы билим берүү тармагындагы мамилелер Кыргыз Республикасынын Конституциясы, “Билим берүүнүн Мыйзамы”, “Мугалимдердин статусу жөнүндө мыйзам”, “Билим берүүнү өнүктүрүүнүн концепциясы”, “Билим берүүнү өнүктүрүүнүн стратегиясы”, аталган стратегияда мамлекеттин билим берүү системасы 2020-жылга чейин мектепке чейинки билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү билим берүү программаларын жана анын окутуунун сапаттын жакшыртуу болуп саналат. Ошондой эле жашы жете электер арасында мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча иш чаралар, окуучулар арасындагы санитардык-гигиеналык талаптар, жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндөгү мыйзам актыларынын негизинде мектепте иш алып барылууда.

Мектеп администрациясынын жана педагогикалык кызматкерлердин ишмердүүлүгүндѳ нормативдик-укуктук документтер менен иш алып баруунун жолдору мыйзам чегинде аткарылып жана белгилүү бир жооптуу кызматкерге милдеттендирген. Нормативдик документтердин жобого ыйлайык сакталышы, жаңыланып туруусу жана белгилүү мѳѳнѳткѳ чейин жарамдуу күчүн эске алуу менен жооп берүүчү тараптардан талап кылынат.

  • Педагогикалык кызматкерлерди-окуучуларды кабыл алуу, мектеп ичинде буйрук чыгаруу, мектептин ички кѳзѳмѳлүн жѳнгѳ салуу, сабактардын жүгүртмѳсүн түзүү документтери менен мектеп директору жана окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басарына милдеттендирилсе;
  • Жаш мугалимдерге насаатчы мугалимдерди бекитүү, ачык сабактарды уюштуруу, усулдук бирикменин иш аракеттерин камсыздоо, календардык-тематикалык пландардын окуу планына ылайык түзүлүшүн кѳзѳмѳлгѳ алуу иш аракети методикалык иштер боюнча директордун окуу иштери орун басарына жүктѳлѳт.
  • Окуучулардын санитардык-гигиеналык норманы сактоо, ден-соолугу жана коопсуздугу, тарбиялуу жүрүм-туруму, этикасы, тартиби туурасындагы документтер менен тарбия иштери боюнча директордун орун басары иш алып барат.
  • Окуучунун психикалык моралдык жактан калыптануусун жана өсүп жетилүүсү же ар кандай шартта жаш артта калуусуна соцпедагог иш алып барат.

 

БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАЛАРЫН ИШТЕП ЧЫГУУ, БЕКИТҮҮ,

БАЙКОО ЖҮРГҮЗҮҮ ЖАНА МЕЗГИЛИ МЕНЕН БААЛООГО МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР

 

Билим берүү уюмунун миссиясы менен дал келген жана мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык так аныкталган билим берүү максаттарынын болуусу

Мектептин билим берүү программасы мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талабына толугу менен дал келет. Билим берүү программасынын мазмуну Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы «Кыргыз Республикасынын жалпы орто билимдин мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жѳнүндѳ“ №403 токтому менен бекитилген мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайыкташтырылган.

Окуу планында окуу предметтеринин тизмеги, ага каралган сааттардын саны, билим берүүнүн мазмууну, анын приоритеттүү багыттары жана окуу дисциплиналарынын циклдарынын ортосундагы сандык катнаштарды мүнөздөгөн документ биргелешип (Билим берүү бөлүмдөрү) бекитилип окутуу улантылууда.

 

Билим берүү программасы боюнча мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык окуу жүктѳмүнүн болуусу

     Жалпы билим берүү уюмунда Базистик окуу планынын негизинде иштелип чыккан иш окуу планы боюнча билим берүү процесси өткөрүлөт.

Мектептик билим берүү үзгүлтүксүз 2 баскычтуу тутум боюнча ишке ашырылат

Биринчи баскыч- башталгыч жалпы билим берүү 4 жыл (1-4-класстар)

Экинчи баскыч — негизги жалпы билим берүү 5 жыл (5-9-класстар)

Үчүнчү баскыч жалпы орто билим берүү (ченемдик окуу мөөнөтү 2 жыл) 10-11-класстардын окуучуларынын саны аз болгондугуна байланыштуу ачылган жок.

Билим берүүнүн формасы: күндүзгү.

Жалпы билим берүү программасынын конкретүү чегинде билим алуунун бардык формалары  үчүн сабак боюнча бирдиктүү стандарт колдонулат.

Мектептик билим берүүдө – окуучуларды Мамлекеттик стандарт менен сабактар боюнча    стандарттардын талаптарынын деңгээлинде окутуунун жана тарбиялоонун системалуу    үзгүлтүксүз процесси, бүтүрүүчүлөргө мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестация жүргүзүлүп, аларга билим жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү (күбөлүк, аттестат) берилет.

Жалпы орто билим берүүдө: мектеп  жалпы билим берүү уюмдарынын базистик окуу планы менен иш алып барат.

Балдарды мектепке даярдоо “Наристе” программасы 6 жаштагы балдарды 480 сааттык мектепке даярдоо болуп саналат.

Окуу процесси окуу планында берилген жана төмөнкү нормативдик документтердин негизинде ишке ашырылат: Базистик окуу планы 2021-2022-окуу жылына карата Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 28.05.2021-жылдагы №896/1 буйругу менен бекитилген, жалпы билим берүүчү уюмдарынын базистик окуу планыны негизинде кабыл алынган.

Окуу планынын билим берүү чөйрөлөрү: “Тил”, “Социалдык”, “Математикалык”, “Табигый илимдер”, “Технологиялык”, “Искусство”, “Ден соолук маданияты”,

Окуучуларды аттестациялоо экинчи жарым жылдыкта 4-чейректен кийин жүргүзүлөт. 9-класстарды жыйынтыктоо экзаменине педкенештин чечими менен киргизилет. 5-8-класстарда көчүрүү экзамендери жүргүзүлөт. 9-класстар мамлекеттик жыйынтыктоочу экзамен тапшырышат.

“Аманат” Октябрь жалпы билим берүү орто мектебинде  бекитилген окуу планга ылайык окуу сабактардын жүгүртмөсү бекитилген. Аптада беш күндүк иш режими билим берүүнү мамлекеттик башкаруунун тийиштүү органы менен макулдашылып, уставда белгиленген.1-9 класстар 5 күндүк режимде окуйт. Жалпы билим берүү уюмунун биринчи классында сабактын созулушу 40 мүнөттү, ал эми экинчи класстан тогузунчу класска чейин 45 мүнөттү түзөт. Окуу мөөнөтү 2 сменде.

Мектепте 3 усулдук бирикме түзүлгөн. “Башталгыч класстар” усулдук бирикмесинин жетекчиси Калманбетова Айжамал Темирбековна,  “Гуманитардык” усулдук бирикмесинин  жетекчиси Турсунбекова Бегимай Хурсанбаевна, “Так илимдер” усулдук бирикмесинин жетекчиси Пирманов Сулайманкул Абдирашитович жетектешип иш алып барууда.

“Окуу процессинде сабактын эффективдүүлүгүн жогорулатуу менен окуучулардын предметке болгон кызыгуусун арттыруу, акыл-эсин, ой-жүгүртүүсүн өстүрүү жана жеке инсандык өзгөчөлүгүн калыптандыруу”. Сабактын эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында методикалык бирикмелер методикалык темасын кабыл алып анын негизинде өз билимин өркүндөтүү темалар тандап алышып портфолиолор түзүлгөн.

Окуу процесинде төмөнкү сабактын формалары колдонулат:Иштеп жаткан окутуу кызматкери тандап алган темалары боюнча жекече багытталган мамиле окуучуларды окутуу тарбиялоо жана билим берүү максатында мектепте окуу процессин уюштурууда:

-сабактар (класстык-сабактык форма):

-лекция, практика

-олимпиада, конкурс-сынактар

-предметтик жумалык

-ачык сабактар

-декадалар

-дебаттык сабактар

-спартакиада

Билим берүү программасын ѳркүндѳтүү максатында окуучулардын керектѳѳлѳрүн жана канаатангандыгын мезгил-мезгили менен баалоо

 

Билим берүү программаларын ишке ашыруу бизистик окуу планынын негизинде ишке ашат. Негизинен окуучулардын контингенти сакталат, ички миграциядан окуучулардын кыймылы байкалат. Мектепке тартылбай калган окуучулар жок.

Окуучулардын саны:

класстар1-чейрек2-чейрек3-чейрек
0-4-класстар200200200
5-9-класстар152152157
0-9-класстар352352357

 

Мектепте окуучулардын жетишүүсү жана билим сапаты боюнча салыштырмалуу анализ жүргүзүлүп турат:

Ар бир чейрек боюнча билим сапатына мониторинг жүргүзүлүп келет.                                                           Башталгыч класстар

Окуу убактысыОкуучулардын билим сапатыОкуучулардын жетишүүсү
1-чейрек48,3 %100%
2-чейрек44,2 %100%
3-чейрек48,6 %100%

 

2021-2022-окуу жылынын биринчи жарым жылдыгында (3 чейрек ичинде)   “Аманат” Октябрь жалпы билим берүү орто мектебинде  окуучулардын билим сапаты 31,2 %дан 38,1 % га чейин өскөн.

  1. 5-9-класстар
Окуу убактысыОкуучулардын билим сапатыОкуучулардын жетишүүсү
1-чейрек37,2%100%
2-чейрек28,4 %100
3-чейрек38,1 %100%

 

 

  1. Жалпы мектеп боюнча
Окуу убактысыОкуучулардын билим сапатыОкуучулардын жетишүүсү
1-чейрек31,2%100%
2-чейрек30,2%100%
3-чейрек38,1%100%

 

2021-2022-окуу жылынын биринчи жарым жылдыгында (3 чейрек ичинде)   “Аманат” Октябрь жалпы билим берүү орто мектебинде  окуучулардын билим сапаты 31,2 %дан 38,1 % га чейин өскөн.

 

Окуу жыл ичинин 3 чейрегинде мониторингдин жыйынтыгын салыштырганда билим сапатында 6,9% билим сапатынын  өсүүсү болгондугу байкалат.

Билим сапатынын жылдан жылга стабилдүү ѳсүшү окутууда түрдүү формадагы инновациялык ыкмаларды пайдалануу менен ар бир окуучуга дифференцирленген мамиле кылуу аркылуу түшүндүрүлѳт. Билим сапатын аныктоо максатында даярдалган диагностикалык–анализдик иштер окуучулардын жаш ѳзгѳчѳлүктѳрүнѳ, окуу программасына негизделип түзүлүп,  окуучунун өзүнүн жѳндѳмүн, билимин, логикалык ой-толгоосун жана өзүнѳ баа берүүгѳ дем берет.

Дагы бир себеби, предметтик мугалимдер окуучуларга жогорку талапты коё билгендигинен  жана билимди калыстык менен баалагандыктан жогорудагыдай көрсөткүчтөргө ээ болгондугу тастыкталды.

Баскычтарды салыштырып караганда башталгыч класстын окуучуларынын билим сапатынын туруктуу өсүшү USAID “Келгиле окуйбуз” долбоору менен бирдикте иш жүргүзүү жана башталгыч класстын мугалимдеринин  “Башталгыч мектеп үчүн билим берүү стандарттары” боюнча курстан өтүүлөрүнүн натыйжасы деп белгиленди.

9- класстардын окуучулары даярдык көрүү тесттерине (2 жолу катышты) катышып турушат.

 

  1. Мектеп окуучуларынын ар кандай олимпиадаларга жана конкурстарга катышуусу боюнча анализ:

Мектепте тарбия  иштери төмөнкү багыттарда жүргүзүлгөн:

  • Окуп билим алууга тарбиялоо.
  • Укуктук- нравалык тарбиялоо.
  • Жарандык патриоттук , мекенчилдикке тарбиялоо
  • Дене-тарбия дени сактыкка, эмгекке тарбиялоо

Тарбиялык процесстин негизги функциялары жана принциптери.

“Аманат” Октябрь жалпы билим берүү орто мектебинде  окуучуларды тарбиялоо иштери билим берүү, класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы иштерди жүргүзүү аркылуу ишке ашат.                                                                                                                                                                         Тарбиялык иштердин максаты:  «Балага компетенттүү мамиле кылуу менен, жеке инсандык өзгөчөлүктөрүн өстүрүүгө багытталган окуу-тарбия иштерин өнүктүрүү»

-тарбия иштери боюнча окуу-методикалык иштердин комплексин түзүү боюнча иштерди улантуу;

-тажрыйба алмашуу жана жайылтуу максатында ачык класстык сааттарды, тарбиялык иш  чараларды өткөрүү;

-класс менен иш алып барууда класс жетекчилердин диагностикалык методду колдонуусун калыптандыруу;

-класс жетекчилердин тарбиялоонун формалары жана методдору боюнча чеберчилигин жогорулатуу.

Бул маселелер төмөндөгүдөй  жолдор менен чечилет:

-ар кандай темадагы класс жетекчилердин семинарларын өткөрүү;

-класс жетекчилер арасында ачык класстык сааттардын жана иш чаралардын  конкурсун уюштуруу;

-«Үлгүлүү окуучу” “Ынтымактуу класс», «Таза кабинет» конкурсун уюштуруу;

-ата-энелерди мектептин иштерине тартуу;

-окуучуларды ар кандай кружокторго катыштыруу.

Мектепте тарбиялык иштерди класстан жана мектептен тышкаркы иштерди уюштуруучу, соц. педагог, класс жетекчилер, мектептеги коомдук уюмдардын жетекчилери, предметтик мугалимдер жүргүзүшөт. «Тобокел тобундагы», жана начар жашаган үй-бүлөнүн балдарын активдештирүү үчүн ар кандай иш чаралар уюштурулду.

Мектепте жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу үчүн ИДН иш алып барат. Окуучулардын чыгармачылыгын өстүрүү үчүн мектепте ар кандай ийримдер иш алып барат.

Мектепте өзүн-өзү башкаруу уюмдары:

Мектептеги өзүн-өзү башкаруу системасы билим берүү процессинин баардык катышуучуларынын өз ара мамилелерине негизделген: окуучулар, ата-энелер, окутуучулар.

Өзүн-өзү башкаруунун максаты-тарбиялоо процессин жогорулатуу :

  1. Мектеп парламенти

Ишке ашыруу формасы:

— Класстарга дежурларды уюштуруу.

— Эмгек иштерин уюштуруу (мектептин айланасын, класстарды тазалоо жана ишембилик)

— Мектеп парламенти (кечигүүлөрдү көзөмөлдөө, танапис убагында залга дежурлук кылуу)

Класс жетекчилердин планы төмөндөгүдөй бөлүмдөрдөн турат:

-класс менен иш алып баруу;

-окуучулар менен жекече иш алып баруу;

-ата-энелер менен иш алып баруу

Мектепте ата-энелер менен иштөө колго алынган. Ата-энелер менен мектептин ортосундагы байланышты чыңдоо максатында, ата-энелердин маданиятын, жоопкерчилигин, балдарды тарбиялоо потенциалын көтөрүү максатында массалык, группалык жекече формада иштер алып барылат. Мисалы:башталгыч класстарда окуучулар жана алардын ата-энелеринин арасында «Келгиле окуйбуз» долбоорунун алкагында конкурс өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө медаль, грамоталар тапшырылды. 7-9-класстардын арасында 2021-жылдын декабрь айында “Спид күнүнө” байланыштуу “Жаркын жашоо” темасында спорттук мелдеш уюштурулду. 2022-жылдын 23-февралында “Чептен эрдин күчү бек” деген темада эки аскер командасынын таймашы болуп өттү.  2022-жылдын 21-мартында “Нооруз-жаз алып келген күн” деген темада спорттук жана маданий иш-чаралар өткөрүлдү. Ата-энелердин мектептеги тарбиялоо процессине болгон ой-пикирлери изилдеген учурда, көпчүлүк ата-энелер канааттандырат- деп белгилешкен. Ата-энелердин мектеп менен болгон байланышы окуучулардын жакшы мүнөздөрүн өстүрөт жана калыптандырат.

Окуучулардын ден-соолугу:  медициналык кароо жыл сайын окуу жылынын башталышы менен Октябрь айылындагы ФАПтны кызматкерлеринин жардамы аркылуу текшерүү жүргүзүлөт. Анда окуучулар бардык медициналык кароодон өтүшөт, оорулары байкалган убакта тезинен ата-энелерине билдирилет. “Аманат” Октябрь жалпы билим берүү орто мектебинде  райондук жана мектептин ичинде ИДНде учётто турган окуучулар жок. Мектепте  окуучулар  үчүн   класстан  тышкаркы  кружоктор  уюштурулуп  окуучулар кызыгуу менен катышууда.    Окуучулар  ийримдерге  кызыгуу менен катышып  көптөгөн кароо-сынактарда  жана спорттук мелдештерде байгелуу орундарга ээ болуп  окуучулар бош убактыларын туура пайдаланууну үйрөнүүдө. Ийрим жетекчилери  өздөрүнүн  белгиленген убакыттарынын негизинде иш алып барууда. Окуучулар арасында  кылмыштуулукту,   экстремизимди,  бош убактыларын туура  пайдалануу масатында   төмөндөгү профилактикалык  иш — чаралар  уюштурулат.

  • Атам-апам жана мен
  • Кыз адебиби кымбат, уул адеби урмат
  • Мырза жигит
  • Алтын апам
  • Карынын кебин капка сал
  • Тенир тоо кышкы оюндары
  • Таланттуу окуучулар
  • Ырларым менин жан дуйном
  • Кана эмесе кыздар
  • Жол эрежесин сактайлы
  • Куч бирдикте
  • Мен мекенди коргоочу болом
  • Алтын мектебим
  • Ырыс алды ынтымак
  • Шайыр окуучулар

Белгилүү  майрамдарда  уюштурулган иш — чаралар

  • 15-сентябрь билим күнү
  • 23-сентябрь тил күнү
  • 1-октябрь карылар күнү
  • 4-октябрь Мугалимдер күнү
  • 5-ноябрь күз майрамы
  • 1-декабь бүткүл дүйнөлүк ВИЧ/СПИД күнү
  • Кел Жаңы-жыл
  • 21-февраль –дүйнөлүк тил майрамы
  • 23-февраль Ата-Мекенди коргоочулар күнү
  • 8-март — аялдардын эл аралык майрамы
  • 21-март — Нооруз майрамы

      Социалдык педагог -баланын социалдык калыптанышы үчүн жагымдуу психологиялык абал түзүп, педагогикалык жактан максатка ылайыктуу социалдык чөйрөнү түзүү үчүн шарттарды камсыз кылуу. Баланын коомго аралашуусуна, коомдо өз ордун табышына абалынын бекемдешине жана өз мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруусуна жардам берүү. Баланын укугун коргоо менен үй-бүлөдөгү жана коомчулуктагы балага карата  ырайымсыз мамилени болтурбоону алдын алуу.

  • турмуштук кыйын кырдаалга кабылган балдарды аныктоо;

– социалдык коргоого, камкордукка, багып-кароого муктаж болгон окуучуларды  аныктоо

жана колдоо;

– бейжай үй-бүлөлөрдү өз убагында аныктоо;

– толук эмес, аз камсыз, көп балалуу, ДМЧ, ата-энесинин багуусунан ажыраган, камкорчу- көзөмөлчүнүн, туугандарынын колунда тарбияланган, ички, тышкы мигранттын, ата- энеси Афган, Баткен апаатына катышкан балдарды аныктоо үчүн маалымат базасын түзүү;

– ата-энелердин таалим-тарбия процессине кошулушуна шарт түзүү,  социалдык-педагогикалык маселелер ж.б. боюнча ата-энелер, педагогдор, окуучулар үчүн «тегерек столдорду», семинарларды, жолугушууларды уюштуруу.

– социалдык-педагогикалык маселелерди чечүү ж.б. боюнча ата-энелерге педагогдорго,

мектеп жетекчилерине, класс жетекчилерге кеп-кенеш берүү;

– окуучулардын жүрүм-турумундагы терс көрүнүштөрдү өз убагында аныктоо жана алдын  алуу;

 

Социалдык педагогдун ишмердүүлүгүнүн карым катышы

Мектеп администрациясы, класс жет, предметтик мугалимдер, М.П.

РБББ, БББ,  музыкалык, спорт мектеби китепкана.

Баланы жана үй бүлөнү коргоо бөлүмү, айыл өкмөтү.

РМА балдар иштери боюнча комиссиясы, РИИБ, ҮДТ.

Коомдук уюмдар (аксакалдар кенеши, аялдар кенеши, жаштар уюму)

Ата-энелер, жеке ишкерлер

Мектептин социалдык паспорту 2021-2022-окуу жылга

Социалдык абалы 2021-2022
1Жалпы окуучулардын саны357
2Тоголок жетим балдар4
3Жарым жартылай жетим балдар (атасы же апасы каза болгон)106
4Толук эмес үй-бүлөдөгү балдар  (ата-энеси ажырашкан)47
5Көп балалуу үй- бүлөдөгү балдар51
6Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар1
7Аз камсыз болгон үй бүлөдө тарбияланган окуучулар6
8Сырткы эмгек мигрантынын балдары22
9Ички эмгек мигрантынын балдары
10Өгөй ата-эне менен жашаган балдар7
11Мектеп учетундагы балдар
12ИДНдин каттосундагы балдар
13Туугандарында тарбияланган балдар6
14Атасы Афган, Баткен, Чернобыль окуясына катышкан окуучулар1
15Социалдык жетим балдар
16Камкордукка алынган балдар
17тобокел тобундагы балдар

 

Биздеги дагы бир көйгөй мектептин жанындагы социалдык шаарчанын жашоочулары – көбүнчө жарым жетимдер жана толук эмес үй-бүлөлөр.  Бул ажырымдын балага тийгизген залакасы эбегейсиз чон.  Көбүнчө ата-энелердин ажырашуусуна чейин бир нече жыл бою үй-бүлөдө чырдуу жагдай өкүм сүрөт да, бала тартынчаак, коркок болушуна себеп болуп, баланын жетилүүсүнө дагы кедергиси тиет. Мунун айынан баланын психологиялык жана социалдык абалы начарлап, ата-эне менен баланын мамилеси татаалданышы мүмкүн. Мындай үй-бүлөлөргө балдарына өзгөчө көнүл буруу менен жекече иштер жүргүзүлөт. Айыл жеринде дээрлик көпчүлүгү таята, чон атасыныкында тарбияланып жатышат. Учурда таята, чон атанын колунда тарбия алып жаткандар көп.

Көп балалуу үй-бүлөдө,  аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдө тарбияланган окуучулар менен да социалдык педагогикалык иштер жүргүзүлөт. Бул үй-бүлөлөрдө тарбияланган окуучулардын мектепке керектүү окуу куралдарын, кийим кечесин аныктап, кем карчын тиешелүү органдарга билдирип, жеке ишкерлерден жардам сурап көйгөйдү чечкенге аракеттер көрүлөт.

 

 

Мониторинг жүргүзүү жана мезгил-мезгили менен баалоо үчүн процесстерди жана жооптуу адамдарды аныктоо

 

Мониторинг жүргүзүү жана иштин жыйынтыгын баалоонун объектилери:

-уюмдагы ишкерлердин ишмерүүлүктѳрү;

-кызматкерлердин иш орундуктары;

-документациялардын толтурулушу;

— диагностикалык иштердин мазмуну;

-текшерүү иштердин кѳлѳмү;

-диагностикалык иштердин жаш ѳзгѳчѳлүгүнѳ жараша даярдалышы;

-мониторинг жүргүзүүнүн мѳѳнѳттѳрү

Мониринг жүргүзүүдѳ макулдашылган  критерийлердин негизинде учурдагы абалы  каралып,  жоопту адамдар болуп тѳмѳнкүлѳр саналат:

аталыштарыжооптуу кызматкерлермѳѳнѳтү
класстык журналдарды текшерүүокуу- тарбия иштери боюнча директордун орун басарыАй сайын
дептерлерди текшерүүПредметтик мугалимдерчейрек сайын
күндѳлүктѳрдү текшерүүтарбия иштери жана окуу -тарбия иштери боюнча директордун орун басарыЧейрегине 2 жолу
ѳздүк делолордун толтурулушнун кѳзѳмѳлдѳѳокуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басарычейректин жыйынтыгы менен
календардык-тематикалык паландоометодикалык иштер боюнча директордун орун басары

 

Жыл башы
административдик текшерүү иштерин алууадминистрация мүчѳлѳрүграфик боюнча
окуу программаларынын аткарылышыокуу-тарбия /методикалык иштер боюнча директордун орун басарычейрек сайын
ата-энелер чогулушун ѳткѳрүүМектеп адиминстрациясы/класс жетекчилерЧейрек сайын/жыл башында/жыл этегинде
мамлекеттик аттестациялоонун жыйынтыгын чыгарууПредметтик мугалимдер/администрация мүчѳлѳрүМай-июнь айы
педагогикалык кеңештин чечимдери жана чогулуштары

 

Педагогикалык жамаатЧейрек сайын
Чейректик жат жазуу, текешрүү иштери, лабораториялык-практикалык иштерПредметтик мугалимдерЧейрек сайын/белгилеген убакта

 

Мониторингдин жана мезгил менен баалоонун натыйжаларын бардык кызыкдар тараптарды тартуу менен талдоо, талкуулоо жана аны уюштуруу процессин жакшыртуу үчүн пайдалануу

Окуучулардын окуу программасын толук кандуу ѳздѳштүрүүсүн же ѳздѳштүрүп жетише албай калган учурларын белгилѳѳ менен бирге, аныкталган жыйынтыктарды ата-энелерге уктуруу. Окуучунун окуу программасын андан ары улантуусу үчүн  ѳтүлгѳн программаларды үстүрдѳн кайталоонун негизинде бышыктап, кийинки баскытарга ѳтүү иштери улантылат. Мисалга чейректин жыйынтыгы менен жетише албаган окуучулардын саны такталып, ата-энелерине билдирилип, каникул учурларда кошумча сабактарды уюштуруу менен ата-энелер канаатангандай  дэңгээлде жыйынтыктар чыгарылат. Кызыкдар тараптардын сунуш пикирлерин орундатуу максатында билим сапатынын ѳсүүсүнѳ түрткү берүүчү пландар иштелип чыгат.

Билим берүү программасын  окуу-методикалык камсыздоонун билим берүүнүн максаттарына  мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык келүүсү

 

Мамлекеттик стандартка ылайык келүүчү окуу-методикалык камсыздоонун түзүлүшү:

Нормативдик жана  методикалык  документтер: 

  • жалпы орто билим берүүнүн минималдык талаптары;
  • окуу планын кѳчүрмѳсү;
  • окуу кабинеттеринин жана лабораторияларынын тизмеги;
  • окуу программасынын дисциплинасы;
  • календардык–тематикалык пландар;
  • сабактардын планы

 Окутуунун ыкмасынын  мамлекеттик билим берүү стандарттарына дал келүүсү:

  • методикалык адабияттар:
  • окуу китептери, пособиялар, сѳздүктѳр, энциклопедиялар;
  • конспектилер, каталогдор, альбомдор;
  • методикалык пособиялар;

Кѳрсѳткүчтѳр  — кѳрсѳтмѳ куралдар, макеттер, таблицалар, диаграммалар, сүрѳттѳр, муляждар;

  • таркатылуучу дидактикалык материалдар (карточкалар, ѳз алдынча иштер, долбоорлор

Техникалык окутуучу каражаттар

  • телевизор,
  • компьютер,
  • DVD,
  • SMART доска,
  • интернет

Изилдѳѳнүн ыкмасы: 

  • текшерүү иштер,
  • жат жазуулар,
  • дил баяндар,
  • кроссворддор,
  • экзамендик билетер,
  • компьютердик тесттер,
  • бланкалык тесттер.

Окуу процессинин жүрүшүндѳ предметтер боюнча методикалык камсыздоо-

  • предметти окутуунун окуу процесси аяктагана чейин түзүлгѳн планы;
  • сабактардын иштелмелери, лекциялык материалдар.

 

 

 

 

 

 

КОМПЕТЕНТҮҮ ОКУТУУГА ЖАНА ОКУУЧУЛАРДЫН ЖЕТИШҮҮСҮН БААЛООГО МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР

Педагогикалык методдорду, билим берүүнүн формаларын, технологияларын баалоо жана түзѳтүү үчүн окуучулар менен үзгүлтүксүз ѳз ара байланышты пайдалануу

Ар бир окуучунун жөндөмүнө жана талабына шайкеш келе турган билим берүү стратегиясын практикалоодо, жана жаңы ыкмалардын негизинде окутууда:

  • топко бѳлүү
  • тест жүргүзүү
  • экиден болуп иштѳѳ
  • карточка менен иштѳѳ иш аракетери жүргүзүлѳт.

Үзгүлтүксүз ѳз ара байланыштын инструменти:

  • жазуу түрүндѳгү ой пикир
  • байкоо жүргүзүү
  • фронталдык сурамжылоо
  • суроо-жооп

Баалоочу адамдардын  окуучунун билимин текшерүүнүн методдоруна ээ болушу жана бул тармакта квалификациясын  дайыма жогорулатуу

Окуучулардын билимин баалоо методдоруна ээ болуу үчүн мугалимдер  үзгүлтүксүз  квалификациясын жогорулатып турушат. 2021-2022-окуу жылында педагогикалык жамааттын 60% квалификациясын жогорулатышкан. Ал эми кыска мѳѳнѳттѳгү семинар, тренингедерге катышкан мугалимдердин үлүшү 32% түздү.

 

Окуучулардын алган билимдерин баалоонун баскычтары:

Тест аркылуу баалоонун 3 жолу сунушталат:

  • Интернет аркылуу тест;
  • компьютердик тест;
  • бланктык (кагаз жүзүндө) тест.

Тест өткөрүүдѳ эң кыска убакыттын ичинде текшерип жана жыйынтыгы ачык айкын  дароо маалымдалат.

Угуп түшүнүү, лексика-грамматикалык, окуу, жазуу жана сүйлөөсү боюнча баалоо:

 – угуп түшүнүү. Угуп түшүнүү менен окулган же угулган тексттен (монологдон, диалогдон ж.б.) тест тапшыруучунун канчалык деңгээлде:

— чакан тексттен керектүү маалыматты алуусу;

— угулган тексттин негизги мазмунун (укканын жалпылоочу сүйлөмдүн бирине байланыштыруу), анын ички текстин түшүнүп жана андан жыйынтык чыгара билери текшерилет.

– лексика-грамматикалык-орфографиялык, пунктуациялык каталарды кетирүүсү бааланат

— окууда мазмуну боюнча окшош чакан тексттердин негизги жана кошумча маалыматын түшүнүүсү бааланат.

– жазуу-жазуу иштеринде сүйлөмдөрдүн грамматикалык жактан тууралыгы, оюн, мазмунун ырааттуу жаза алуу Дилбаян аркылуу баалоо  – берилген ойго макул болуу же аны жокко чыгаруу жана жоопту орундуу далилдер жана мисалдар менен бекемдөө.

 – сүйлөө – оозеки баарлашуу аркылуу ишке ашуучу (угуп түшүнүү менен бирге) сүйлөөнүн натыйжалуу түрү. Сүйлөөнүн мазмуну болуп ойду оозеки түрдө билдирүү эсептелет. Сүйлөөнүн натыйжасы болуп сөздүн айтылышы (текст), ал эми сүйлөөнүн бирдиги катары тилдик аракет белгиленет.

Окуучулардын билимдерин баалоодо баалардын ачыктыгы жана ар бир окуучуга кетирген каталарынын кѳлѳмү маалымдалат.

     Окугандардын арыздарына чара кѳрүп иштеп чыгарылган жана колдонууга киргизилген жол жоболорунун болуусу

Мектепте  окууучулар тараптардан келип түшкѳн  арыз-даттануулар үчүн “ишеним кутучасы” уюштурулуп, ишеним телефондору кѳрсѳтүлгѳн.  “ишеним кутучасын”тарбия иштери боюнча директордун орун басары кѳзѳмѳлгѳ алып, даттанууларды каттоого алуу менен бирге арыздын канчалык деңгээлде чындыгы бар экендигине анкета алуу  байкоо жүргүзѳт.

 

 

 

 

ПЕДАГОГИКАЛЫК ЖАНА ОКУТУУЧУ КѲМѲКЧҮ КУРАМГА МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР

Мугалимдердин жана окуучу курамдын квалификациясы билими жана тажрыйбасы ишке ашырылып жаткан билим берүүчү программага жана билим берүү процессинин талаптарына ылайык болушу

 

 

Мектепте жалпы 2021-2022-окуу жылында 19 мугалим эмгектенишкен.

 

2021-2022 окуу ж.
Жалпы муг.дер19
Жогорку17
Атайын орто2

 

 

 

 

 

                                                                 

 

 

 

 

Мугалимдердин эмгек стажысы боюнча сапаттык курамы

Пед. стаж2021-2022 окуу жылы
Жалпы мугалимдер19
5 жылга чейин5
5-10 жыл11
10-15 жыл2
15 жылдан жогору1

 

“Аманат” Октябрь жалпы билим берүү орто мектебинде  мугалимдери Бишкек шаарындагы  мугалимдердин билимин жогорулатуу борборунан курстан өтүп өздөрүнүн педагогикалык чеберчилигин жогорулатышат жана ар кандай тренинг-окуу семинарларга катышат.

Билимин жогорулатуу борборунан курстан өткөндөр

2021-2022 окуу жылы ичинде квалификациясын жогорулатуу курстарынан өткөн кызматкерлердин саны

 

2021/2022 окуу жылы
1Квалификациясын жогорулатуу курстарынан өткөн кызматкерлердин үлүшү12

 

 

 

 

 

Мектепте мугалимдер райондук билим берүү бөлүмүнүн багыты менен мугалимдердин билимин жогорулатуу борборунан курстан өтүп өздөрүнүн педагогикалык чеберчилигин жогорулатышат.  Билимин жогорулатуу курстары мугалимдерге абдан жагат жана башка методологиялык жаңылануу кадамдары, семинар-тренингдер көп болгонуна сунуш-пикирлерин билдиришет.

Мугалимдин ѳз билимин ѳркүндѳтүүнүн үстүндѳ иш алып баруунун кѳрсѳткүчтѳрү:

  • Мугалимдердин өз билимин жогорулатуу боюнча кандайдыр бир теманын үстүндө иштөөсү
  • Мугалимдерди курстан өткөрүүнү уюштуруу жана курстан өткөн мугалимдердин ачык сабактарды берүүсү
  • Декадаларды бирдиктүү метод күндөрдү уюштуруу
  • Жолдоштук сабактарга кирүү
  • Ачык сабактарды уюштуруу
  • Педагогикалык тажрыйбаларды жалпылоо
  • Чыгармачыл мугалимдердин иш тажрыйбасы менен алмашуу

 

Билим берүү уюму тарабынан иштелип чыккан мугалимдердин окутуучу-кѳмѳкчү  курамдын квалификациясын жогорулатуучу реалдуу пландын болушу

 

Насаатчылык жана жаш мугалимдер мектеби

Жаш адистер менен иш алып баруу салттуу түрдө мектептеги методикалык иштердин ишмердүүлүгүнүн маанилүү бир бөлүгү болуп саналат. Ал, жаш мугалимдер өз ишмердүүлүгүндө кездештирүүчү дидактикалык мүнөздөгү типтүү кыйынчылыктарга анализ берүүгө арналат.

Мектепте сабак жана окутуу усулу жаатында мыкты кесиптик жана инсандык сапаттарга ээ болгон педагогдор жаш мугалимдерге насаатчы катары багыт беришет.

Насаатчылар атайы тузүлгөн иш пландын негизинде жаш адистин педагогикалык ишмердиги үчүн зарыл иш билгиликтерин өнүктүрүү боюнча тутумдуу, жекече иш жүргүзүшөт.

Насаатчылыктын укуктук негизи болуп Кыргыз Республикасынын Билим берүү  жана илим министрлигинин насаатчылык жөнүндө жобосунун жана  башка мыйзам жана ченем актыларынын негизинде иш алып барышат.

Насаатчылыктын максаты-жаш адистерге кесиптик такшалуу жагынан көмөк көрсөтүү аркылуу мектептин кадрлар маселесин чечүүгө өбөлгө түзүү.

Милдеттери:

  • мектеп маданиятына көнүктүрүү, мектеп жамаатынын мыкты салттарын жана адеп ченемдерин өздөштүрүүгө көмөктөшүү;
  • жаш адистердин педагогикалык ишке дилгирлигин ойготуу жана аларды мектепте алып калуу;
  • жаш адистин кесиптик өсүшүн камсыздоо, тапшырылган милдеттерди өз алдынча, сапаттуу аткаруу жөндөмүн өнүктүрүү;

Аталган максат, милдеттердин негизинде мектеп лицей-интернатта насаатчылар төмөнкү иш алып баруулардын үстүндө иштешет:

  • Жаш мугалим менен биргеликте анын кесиптик жактан калыптануусунун планын түзүшөт;
  • Жаш мугалимге белгилүү бир учурларда , анын өз алдынчалыгына тоскоол болбостон жардам берет;
  • Керектүү кеңештерди берет жана иштөө үчүн керектүү адабияттарды сунуштайт;
  • Жаш мугалим менен биргеликте чыгармачыл мугалимдердин сабактарына катышып, анализ беришет;
  • Жаш мугалимге сабактын планын иштеп чыгууга жана турдүү окуу-методикалык иш кагаздар менен иштөөгө багыт берет;
  • Календарлык-тематикалык план түзүүгө жардам берет;
  • Окуу-тарбиялык иштерди уюштуруу боюнча укук-ченемдик иш кагаздар менен, мектеп окуучуларын окутуу шарттарына карата гигиеналык талаптар менен тааныштырат;
  • Жаш мугалимдин сабагына катышат, сабагын анализдейт.

 

Усулдук кеңештин максаты: Окуучулардын билим сапатын жогорулатуу үчүн педагогикалык кызматкерлерге ар тараптан усулдук жардам кѳрсѳтүү, усулдук окутуунун ар кандай ыкмалары аркылуу алдынкы тажрыйбаларды жайылтуу жана сапаттуу билим берүүгѳ жетишүү менен кесипчилик чеберчиликтерин  ѳркүндѳтүү.

Усулдук кенештин милдеттери:

  • Окуу тарбия иштерин жакшыртуу жана ѳркүндѳтүү боюнча иш чараларды аткаруу;
  • Окуу тарбия ишинде окутуунун жаны технологияларынын ишке ашышын камсыз кылуу;
  • Мугалимдин кесиптик квалификациясын, чеберчилигин жогорулатуусуна ѳбѳлгѳ түзүү аркылуу ѳз билимин ѳркүндѳтүүсүнүн   үстүндѳ иш жүргүзүүсүнѳ   шарт тузүү;
  • Педагогикалык коллектив менен бирдикте мектептин ѳнүгүүсүнүн негизги багыттарын аныктоо;
  • Предметаралык усулдук бирикмелердин ишмердүүлүгүн уюштуруу;
  • Педогогикалык алдынкы иш тажрыйбаларды талдоо жана жайылтуу;
  • Предметтик олимпиадаларды, жумалыктарды ар кандай формадагы иш чараларды ѳткѳрүү;
  • Педагогикалык газета-журналдарга окуу тарбия иштерин жакшыртуу боюнча усулдук иштелмелерди иштеп чыгуу.

Усулдук кеңештин алдында 3 кафедра бар:

Усулдук бирикменин аталышыУсулдук бирикмеге кирген предметтер
1“так илимдер” кафедрасыØ Математика

Ø Физика

Ø Информатика

Ø Химия

Ø Биология

Ø Технология, сурот

Ø Дене тарбия

2“Гуманитардык тилдер” кафедрасыØ Орус тили жана адабияты

Ø Англис тили

Ø кыргыз тили

Ø тарых

Ø география

3“Башталгыч класстар” кафедрасы0-4-класстар

 

 

Усулдук бирикмелер жалпы билим берүүчү  уюмдун усулдук бирикмеси жөнүндөгү жобонун негизинде иш алып барышат.

 

Мектептин методикалык темасы «Эффектуу билим беруунун негизинде окуучулардын  ой жүгүртүүсүн инсанга багыттап окутууда ойлоо иш-аракеттерин активдештирүү»

Мектептин методикалык темасы 2021-2022-окуу жылында кабыл алынган. 4 этаптан турат

1-этап-даярдоо этабы болгон.

2-этап теориялык жактан үйрөнгөн материалдарды практикада ишке ашыруу, сабакта колдонуу, ар кандай иш -чараларды уюштуруу этабы болгон.

3-этап-жалпы жамааттын иш — аракеттери. Мугалимдер ар кандай иш чараларды уюштуруу, стандарттуу эмес иштерди пландаштырылган. Сабактын эффективдүүлүгү боюнча бардык мугалимдер ачык сабактарды отуп, анализдер берилген.

4-этап жыйынтыктоо этабы болду, мугалимдердин иш аракеттерине анализ кылынып, билимдери текшерилди, срездер алынды, анализ жасалды. Мектепте 3 усулдук бирикме иш алып барат.

 

МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК БАЗАГА ЖАНА МААЛЫМАТ РЕСУРСТАРЫНА МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР

Окуучулардын ар кыл топторун анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды керектүү материалдык ресурстар менен (китепкана фонду, компьютердик класстар, окуу жабдуулары башка ресурстар) менен камсыздоо.

Мектептин китепканасы

Мектептин китепканасы  окуучулар  үчүн биринчи  маалымат  борбору  болуп  эсептелет.

Китепкана мектеп админстрациясы жана методикалык секция бекиткен план менен иш алып барат. Китепкананын жылдык планы, ай сайын  түзүлгөн пландын  аткарылышы.

Китепкана 10 документациянын негизинде  иш  алып  барат.

Документтер убагында  жазылат, тизмеге туура  келбеген эски  китептер  чыгышталат.

Китепкананын  жайгашышы.

Мектеп салынып жаткандыгына байланыштуу китепкана мурдагы эски мастерскойго  жайгаштырылган.

Негизги көрсөткүчтөр  жалпы фонд, адабий жана окуу китептер

 

2021-2022 о.ж.
1Жалпы фонд3271
2Адабий китеп
3Окуу китеп3271

Мектептеги окуу китептери “Ас-Сафа” коомдук бирикме фонду тарабынан алынып берилген, ошондой эле Аламүдүн РБББү тарабынан дагы берилген

Жаңы  келген  китептер

2021-2022 о.ж.
1Адабий китеп120
2Окуу китеп173

 

Негизги  тейлөөнүн  иши.

Китепкананын  ишинде  окуучуларды тартуу  үчүн  ар  кандай  ыкмаларды  иштерди  пайдаланабыз.

Жылдын  башында  «Биздин балдар эмне окушат?» деген темада  сурамжылоо  жүргүзүлгөн.

Ата-эне, мугалим,  китепканачынын  аныктамасында 6 жаштан 10 жашка  чейинки балдар мурункуга  караганда  азыраак окуп жатышат; себеби  телевизор, компьютер, сотка  менен  алек  болушкан.

   «Бирге окуйбуз  долбоору»   менен бирдикте  иш алып  барганыбыздын  натыйжасында окуучулар жомок китептерге  аябай кызыгып  окуп  жатышат.  Ата-эне  менен  бирдикте  балдар  чогуу  китепканада   китеп  окушат, ата энелер балдарын да  кызыктырып жомок китептерден  окуп  беришет.

Техникалык каражаттар менен камсыз болуусу:

-персоналдык компьютер саны -25

-принтерлердин саны-3

-принтер(2в1)-2

-телевизор саны-2

-проектор -3

-интерактивдик доска –2

-видеокөзөмөл -16 даана.

Окуу жылынын башталышы менен ар жыл сайын каникул убагында окуу класстар, мектеп жана айланасына мугалимдердин күчү менен ремонт  жасалат. Жаңы окуу жылдын башталышында  окуу кабинеттерин даярдайбыз. Райондук мамлекеттик администрация, райондук билим берүү бөлүмү, өрткө каршы кызматы, сан-эпид көзөмөлдөө борбору, электр тармак ишканасы бирдикте ремонт кабыл алуу жүргүзүлөт. Ар бир жуманын алтынчы күндөрү 1 жолу окуу кабинеттерге   текшерүү жүргүзүлөт.  Окуу кабинеттери  дидактикалык материалдар жана аларды жаңылоо, толуктоо кабинет башчылары тарабынан жүргүзүлөт.

Мектептин  бѳлмѳлѳрүнүн санитардык-гигиеналык ченемдер менен эрежелерге, ѳрт коопсуздугунун талаптарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эмгекти коргоо чѳйрѳсүндѳгү мыйзамдарына ылайык эмгекти коргоо жана коопсуздук ыкмасынын талаптарына туура келиши.

      Санитардык –гигиеналык ченемдин негизинде окуу бѳлмѳлѳрү ѳз учурунда желдетилип,   хлордуу аралашма менен жумасына жуулуп, тазалоо иштери жүргүзүлүп турат. Окуу кабинеттерин бирдей температурада кармоо максатында ички жылуулукту ѳлчѳѳчү термометр ар бир окуу кабинтинде илинген жана бардык кабинеттер жашылдандырылган.  Ѳрт жана техника коопсуздугу боюнча тийиштүү жабдыктар жана нускамалар илинип, кооптуу жагдайда окуучуларды эвакуациялоонун планы менен толукталган.

Өзүнүн билим берүү максатын пландаштыруу жана ишке ашыруу үчүн билим берүү уюму тѳмѳнкүдѳй маалыматтарды чогултат, системага салат жалпылайт жана сактайт.

— окуучулардын контингенти жѳнүндѳ маалымат:

2021-2022 -окуу жылы үчүн окуучулар боюнча мааалыматтар, билим сапаты

2021-2022
Окуучунун саныБилим сапаты
35738,1%

 

Мектепке кабыл алынган балдар Алфавиттик китепке катталат, ар бир окуучуга өздүк дело ачылат. Окуучулардын ар бирине социалдык паспорт түзүлүп, социалдык категориялары боюнча иликтөө жүргүзүлөт.                                                                                                                                                              Ата-энелердин билим берүү программаларын ишке ашырууга жана анын натыйжаларына канаттангандыгы:                                                                                                                                                                   Мектептин ишмердүүлүгүн баалоо жана сырткы ой пикирлерди билүү максатында ата-энелерден алынган анкета – сурамжылоонун негизинде алынган жыйынтык:

  1. Ата-энелердин канаатануусунун деңгээли (сурамжылоонун орто эсептик мааниси менен)
Канчалык деңгээлде сиз билим берүү уюмунун ишине канаатанасыз?Баардык катышкан ата-эне  310орто эсептин мааниси
1Абдан жакшы300
2Жакшы10+
3Орто
4Начар (канаатандырарлык эмес)

 

Мектептин ишмердүүлүгүнүн майнаптуулугунун негизги көрсөткүчүн массалык маалымат каражаттары, интернет булактары аркылуу коомчулукка билдирилип турат:

 

Жыйынтыктап айтканда, Учурда экономикалык өнүгүүнүн чечүүчү  булагы- бул билим, өнөр жана аларды колдоно билүү. Билим берүү системасын көтөрүү адам ресурстарын пайдалануу жана жогорулатуунун негизги аспектиси болуп эсептелинет.

Ар бир адам мектепте окуп жүргөн жылдары калыптанат, анын негизги базалык билими мектепте окуп-үйрөнүү аркылуу түптөлөт. Мектепте  кандай билим болсо, жогорку окуу жайда  дагы ошондой болот. Коомдун, экономиканын келечеги жогорку окуу жайды бүткөн адистердин деңгээлине  байланыштуу. Бүгүнкү  күндө билим берүү өзгөчө мааниге ээ.  Ал эми билим берүү кечээгидей эмес, бүгүнкү күндүн, учур талабына жооп берүүсү керек.

Сапаттуу окутуу жана окуучулардын  билим деңгээлин  жогорулатуу;

Мектептин  материалдык-техникалык базасын чет элдик долбоорлор аркылуу жакшыртуу, класс кабинеттерин заманбап жаңылоо;

Өзүн-ѳзү баалоо боюнча түзүлгөн комиссия мектептин ишмердүүлүгүнө анализ жүргүзүү жана байкоонун негизинде мектептин жүргүзгөн ишмердүүлүгү толук кандуу жаңыланып алдыга ѳнүгүүнүн үстүндѳ деген чечимге келди.

Мектепти жыл ичиндеги ишмердүүлүгүндѳ бир канча долбоорлор менен иштѳѳ, конкурстарга катышуу, билим сапаттын стабилдүү  туруусуна, окуучулардын контингети боюнча туруктуу абалдын сакталуусу, адистер менен толукталуусу, окуу планын аткарылуусу талапка жооп берди.

Мектепте мугалимдердин чыгармачылыктарын ѳркүндѳтүү жана окуучуларга сапаттуу билим берүү боюнча тийиштүү шарттарды түзүүгө аракеттер көрүлүүдө. Жаны мектептин курулуш аяктап ишке берилсе,окутууда зарыл болгон окутуучу техникалык жабдыктардын дээрлик бардык түрүн колдонууга, усулдук окуу китептерди  пайдаланууга  болот.  Мугалимдердин билим сапатка ѳзгѳчѳ кѳңүл буруусу стабилдүү жолго салынып  мезгил-мезгили менен текшерүүлѳр жүргүзүлѳт.  Педагогикалык кызматкерлердин окуу планын аткарууда  сабактардын сапаттуу берилүүсү, структурасынын сакталышы, инновациялык ыкмаларды пайдалануусу, электрондук материалдары сабактын фрагметтерине камтуусу  боюнча методикалык күндѳр уюштурулуп, кѳзѳмѳл жүргүзүлүп турат.

Окуучуларга сапаттуу билим берүүдѳ  жаш ѳзгѳчѳлүнүнѳ жараша бекитилген окуу пландын негизинде  психикалык-моралдык кысымга алынбаган жагдайда окутуу жүргүзүлѳт. Алар толук кандуу акысыз окуу китептери менен камсыз болушуп, социалдык абалына жараша тиешелүү жеңилдиктерди алуу менен коопсуз шарттарда окутулат.

Кызматкерлердин жана окуучулардын билим алуусунда коопсуздукту сактоо жана уюштуруу  максатында ѳрт кызматы, санитардык-эпидемиологиялык борбор, ИИМ кызматкерлери менен биргелишкен иштер аткарылат.

Мектеп Кыргыз Рспубликасынын билим берүү тармагындагы жаңы мыйзамдар, долбоорлор, программалар менен ѳз учурунда маалымдалып, билим берүү стандартарына шайкеш келүүчү иш кагаздардын негизинде иш алып барат.

 

Мектеп директору:                                     Карагулов Э.Б.

Окуу бөлүмүнүн башчысы:                           Мурзаева К.К

 

“БЕКИТЕМИН”

“Аманат” Октябрь жалпы билим берүү

орто мектебинин директору

Карагулов Э.Б.___________

“___” 20____________жыл

 

Аламүдүн районундагы “Аманат” Октябрь жалпы билим берүү орто мектебинин 2021-2022-окуу жылынын 1 жарым жылдыгы (3 чейреги үчүн)  үчүн окуу планынын жана программасынын аткарылышына анализ

Аламүдүн районундагы “Аманат” Октябрь жалпы билим берүү орто мектебинин 2021-2022-окуу жылы үчүн түзүлгөн окуу планы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлгөн мектептери үчүн түзүлгөн Базистик окуу планына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлунда чыккан “Кыргыз Республикасынын жалпы орто билимдин мамлекеттик билим берүү стандарттарын бекитүү жөнүндө” №403 токтомуна жана 2016-жылдын 11-апрелинде чыккан №201 “Коомдук ден соолуктун актыларын бекитүү жөнүндөгү” (6 тиркеме “Билим берүү уюмдарында окутууну уюштурууга жана шарттарга карата санитардык-эпидемиологиялык ченемдерге”) СанПин ге жараша түзүлгөн.

“Аманат” Октябрь жалпы билим берүү орто мектебинин негизги мамлекеттик функциясы – окутуу процессинде бардык окуучуларга сапаттуу билим алууга, өнүктүрүүгө бардык мүмкүнчүлүктөрдү камсыздап берүү. Ал үчүн ар бир окуучуну билим берүү ишмердүүлүгүнө анын мүмкүнчүлүктөрүнө жана жөндөмдүүлүктөрүнө жараша тартуу болуп саналат жана ал окутуунун ар бир баскычында мектептин иш милдеттерин этап-этабы менен чечүү аркылуу камсыздалат.

Билим алуунун формалары традициялык түрүндө жүргүзүлдү. Мектепте окутуу процесси системалык түрдө жана ачык мүнөздө болгондуктан окутулуучулар жана алардын ата-энелери тарабынан окутуунун жыйынтыктары, жүргүзүлгөн мониторингдердин жыйынтыктары боюнча дайыма маалымат алып турууга мүмкүндүк берет.

2021-2022-окуу жылы үчүн түзүлгөн окуу планынын 1 жарым жылдыгына каралган сааттар 100%га аткарылды, ал эми окуу программалары толук өтүлүп жатат.

“Аманат” Октябрь жалпы билим берүү орто мектебин 2021-2026-жылдарга карата өнүктүрүүнүн Стратегиялык планына ылайык, мектептин миссиясы: мектеп окуучулары үчүн көп маданияттуу жана жогорку технологиялык чөйрөдө жашоого жана кесиптик ишке ашырууга зарыл болгон негизги компетенттүүлүктү өздөштүрүүсү үчүн оптималдуу шарттарды түзүү болуп саналат.

Мектептин милдети – туруктуу билим берүү системасын түзүү, анын натыйжасында билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, чыгармачылык жактан талантуу, жан дүйнөсү бай, дени сак, социалдык жактан адаптацияланган инсанды калыптандыруу болуп саналат. Мектепти 2021-2026-жылдарга карата өнүктүрүүнүн Стратегиялык планында төмөндөгү багыттар боюнча системалык өзгөртүп түзүүлөрдү ишке ашыруу каралган:

  • мамлекеттин жана коомдун буйрутмаларын аткаруу шарттарында мектептин уюштуруучулук, педагогикалык жана административдик түзүмүн өнүктүрүү;
  • жаңыланган мамлекеттик билим берүү стандарттарын киргизүү контекстинде мектепте билим берүүнү ишке ашыруу;
  • мектептин материалдык-техникалык, маалыматтык жана ден соолукту чыңдоо базасын өркүндөтүүнүн негизинде профилдүү билим берүүнү өнүктүрүү;
  • педагогикалык жамааттын квалификациясын жогорулатуу жана өзүн-өзү өркүндөтүү ишмердүүлүгү үчүн шарттарды түзүү;
  • дүйнөлүк шериктештикке ийгиликтүү интеграциялануу үчүн эки чет тилди (англис жана араб) үйрөнүү үчүн чөйрөнү түзүү;
  • 5-11-класстардын окуучуларынын арасында МКТыны колдонууну өркүндөтүү максатында информатика боюнча ийримдин ишин күчөтүү;
  • окуучулар арасында МКТ боюнча терең өздөштүрүүнү жакшыртуу;
  • видеоконференцияларды уюштуруу, МКТыны колдонуп өнөктөш мектептер менен изилдөө иштерин жүргүзүү.

ошондой эле билим берүү процессин предметтик стандарттарды эске алуу менен башкарууну камсыздоо.

“Аманат” Октябрь жалпы билим берүү орто мектебинде билим берүүнүн сөзсүз түрдөгү компоненти болуп жумасына 1 саат математика жана 1 саат биология сабактарын 8-класста окутуу эсептелет.

Мектептин  окуу планы 2021-2022-окуу жылы үчүн базистик окуу планынын негизинде түзүлгөн жана окутуунун ар бир баскычы үчүн талап кылынган көлөмдөгү билим берүүнүн мазмуну сакталган. Окуу планын түзүүдө баскычтардын ортосундагы, класстар ортосундагы жана ар бир предметтердин ортосундагы тең салмактуулук жана уламалуулук принциптери сакталган.

 

 

Таблица 1

“Аманат” Октябрь жалпы билим берүү орто мектебинде 1 жумада өтүлүүчү сааттарынын  бөлүштүрүлүшү

предмет5-кл6А-кл6Б-кл7-кл8-кл9-кл
Кыргыз тили4 саат4 саат4 саат3 саат3 саат2 саат
Кыргыз адабияты2 саат2 саат2 саат3 саат2 саат3 саат
Орус тили2 саат2 саат2 саат2 саат1 саат1 саат
Орус адабияты1 саат1 саат1 саат2 саат2 саат2 саат
Чет тили5 саат4 саат4 саат3 саат2 саат2 саат
математика4 саат4 саат4 саат
алгебра3 саат2 саат3 саат
геометрия1 саат2 саат1 саат
К.Д.тарых2 саат2 саат2 саат2 саат2 саат2 саат
Адам ж/а коом1 саат1 саат1 саат2 саат
Табият таануу1 саат
физика2 саат2 саат2 саат
биология2 саат2 саат2 саат2 саат2 саат
химия2 саат2 саат
география2 саат2 саат2 саат2 саат2 саат
технология1 саат1 саат1 саат1 саат1 саат1 саат
информатика1 саат1 саат1 саат1 саат2 саат1 саат
сүрөт1 саат1 саат1 саат1 саат
музыка1 саат1 саат1 саат1 саат
дене тарбия2 саат2 саат2 саат2 саат2 саат2 саат
Жалпы саат28 саат30 саат30 саат31 саат29 саат30 саат

 

Мектептин усулдук бирикмелери тарабынан 5 класстан баштап, 9-класска чейин мектеп компонентинин предметтер боюнча жана кызыгуулары боюнча кружоктук ийримдердин программалары  (мектеп  компоненттин сааттары) каралган жана бекитилген.

Кружоктук сабактар (англис тилинен 3-4-класстар үчүн жана 5-класстан 9-класска чейин жумасына 3 саат ар бир класска; информатика сабагынан 5-класстан 9-класска чейин жумасына 2 сааттан ар бир класска) негизги окуу жүгүртмөсүнүн алкагында мектептик компоненттин сааттарынын эсебинен өтүлүп жатат.

2021-2022-окуу жылынын 1 жарым жылдыгында (3 чейрек)  окуучулардын кызыгуулары боюнча кружоктук ийримдер толук көлөмдө, 720 саат өлчөмүндө өткөрүлгөн.

“Аманат” Октябрь жалпы билим берүү орто мектебинде билим берүү программаларынын мазмуну Кыргыз Республикасындагы жалпы орто билимдин мамлекеттик билим берүү стандарттарына шайкеш келет.

Окуу планы мектепте билим берүү процессинде “Билим берүү уюмдарында окутууну уюштурууга жана шарттарга карата санитардык-эпидемиологиялык ченемдерге” СанПиНде көрсөтүлгөн режимде гигиеналык-эпидемиологиялык шарттардын аткарылышын камсыздайт жана окуу жылынын узактыгын аныктайт. Мектептин мугалимдери тарабынан түзүлгөн окуу программалары, предметтер боюнча окуу программалары, календардык-тематикалык пландары — кызыкдар тараптардын (окуучулардын, алардын мыйзамдуу өкүлдөрү – ата-энелердин) билим алууга керектөөлөрүнө жана сунуштарына, талаптарына ылайык түзүлгөн жана мамлекеттик стандарттарга туура келет.

“Аманат” Октябрь жалпы билим берүү орто мектебинде иш режими ички тартип эрежелерине ылайык аныкталган. Башталгыч класстарда жана 5-9-класстарда 5 күндүк окуу жумасы бекитилген. Мектеп 2 сменада окуйт. Сабактардын башталышы – эртең мененки сменада 8.00 башталат, 13.00дө аяктайт. Экинчи сменада сабактар 13.00дө башталып, 18.00дө аяктайт. Сабактардын узактыгы – 1-класстарда – 40 минута, 2-11-класстарда – 45 минутадан. Кружоктук жана спорттук ийримдер – түштөн кийин 14.00 дөн башталат.

Каникул күндөрүн эсептебегенде окуу жылынын узактыгы: 1 –класста -33 окуу жумасын, 2-4-класстарда – 34 окуу жумасын, 5-9-класстарда – сынактык учурду эске алуу менен 34төн 36 жумага чейинки окуу жумасын түзөт.

Окутуу-тарбия берүү процессинин мазмунунда “Аманат” Октябрь жалпы билим берүү орто мектебинин жакшы материалдык-техникалык заманбап жабдылышына байланыштуу дээрлик бардык сабактарга: кыргыз тили, орус тили, англис тили, тарых жана география сыяктуу предметтерди терең өздөштүрүүгө басым  жасалат, ал эми кызыкдар тараптардын суроо-талаптарын (окуучулар менен алардын ата-энелери) эске алуу менен мектептик компоненттен 8-класстарга математика сабагына 1 саат жана биология сабагына 1 сааттан бөлүнгөн.

Окуу программалары азыркы мезгилдеги мектептин билим берүү системасын өнүктүрүүнү камсыз кылуучу өзгөртүүлөрдү киргизүүгө мүмкүндүк берүүчү шарттарды камтып түзүлгөн. Окуу жүгүртмөлөрүн түзүүдө окуучулардын жумалык жүктөмү жана предметтердин оордугу боюнча балл боюнча кезек-кезеги менен коюуну эске алуу менен түзүлгөн. 2021-2022-окуу жылынын 1 жарым жылында программалар толугу менен аткарылган, программа боюнча  калып калуулар жок. 2021-2022-окуу жылында 14 класс-комплекттер түзүлгөн, аларда 352 окуучулар окуп жатышат, алардын ичинен, 0-класс – 2, 1-4-класстар – 8, 5-9-класстар – 6 түзөт. Класстардагы окуучулардын орточо саны – 23-25 окуучуну түзүүдө.

“Аманат” Октябрь жалпы билим берүү орто мектеби толук көлөмдө жабдылган: 12 окуу кабинети, 5 кабинет башталгыч класстар үчүн (окуучулардын жаш курактык жана физиологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен эмеректери жана жасалгалоосу түзүлгөн), 7 кабинет жогорку класстар үчүн  уюштурулган. 1 спорттук зал, 3 спорттук аянтча (футбол аянтчасы, баскетбол аянтчасы жана волейбол аянтчасы) бар. Бардык  кабинеттер интернет тармагына туташтырылган жана 2 кабинетте интерактивдүү такталар менен жабдылган. 1 компьютердик класс (20 даана компьютер, 1 проектор)  40 орунга ылайыкталган 1 ашкана, 1 медициналык кабинет, 1 китепкана, 16 видеокөзөмөл жүргүзүү камералары бар.

Окуу кабинеттери жаш курактык өзгөчөлүктөрүнө жараша мебель, класстык доскалар, китеп текчелери менен  жабдылган (толук маалыматтар ИСУОдо келтирилген).

Окуучулардын коопсуздугун камсыздоо максатында “Аманат” Октябрь жалпы билим берүү орто мектебинин тегереги темир тосмо менен курчалган жана жашылдандырылган (мектептин периметри боюнча 200 гө жакын бак-дарактар отургузулган) (бул маалыматтар мектептин сайтында жайгаштырылган).

“Аманат” Октябрь жалпы билим берүү орто мектебинин территориясында билим берүү процессин ишке ашыруу үчүн колдонулуучу имараттардын техникалык жарамдуулугун жана өрт коопсуздугунун талаптарына жооп бериши Аламүдүн райондук санэпидстанциянын жана райондук өрткө каршы кызматтын актылары менен тастыкталат (толук маалыматтар ИСУОдо келтирилген).

Гимназия инвестициялык каражаттарды тартуу менен бирге “Креатив-Таалим” жеке мектеби менен 9 мугалим билимдерин жогорулатуу боюнча программаларды өтүп келишти, сертификаттары бар. “Ас-Сафа” коомдук бирикме уюму менен тыгыз байланышта иш алып барылат. Интернет тутуму боюнча “Мегалайн” компаниясы менен өнөктөштүк мамиледе кызматташат.

«БЕКИТЕМИН»

«Аманат» Октябрь жалпы билим беруу орто мектебинин директору

Карагулов Э.Б.

2022 ж

«Аманат» Октябрь жалпы билим беруу орто мектебинин

2021-2022-окуу жылынын тарбин иштери боюнча

жарым окуу жылына анализ

 

Окутуунун жалпы проблемасы:

«Ар бир окуучунун жекече озгочөлүгүн эске алуу менен окутуу жана дифференциялаштыруу

 

Жалпы проблеманын устунде иштоодо <<Таланттуу балдардын жендомун онуктуруунун устунде мектептин ички проблемасы кабыл алынган жана анын устунде иштее учун мугалимдерге милдеттендирилген,ошондой эле жаны окуу жылынын башында ал проблемага жараша милдеттер төменкудой коюлду:

 

1.ОКУТУУНУН Жаны технологияларын иштеп чыгуу (инновациялык OKyTyy)

  1. Чыгармачыл мугалимдердин таланттуу балдар менен иш жургузуусун кучогуу.

 

3.Окуучулар менен эстетикалык спроттук жана экологиялык тарбия иштерин улантуу.

  1. Кыргыз фольклордук чыгармалар аркылуу окуучуларга элдик педагогиканы таанытуу.

5.Окуучулардын интеллектуалдык денгээлин жогорулатуу.

  1. Суу, санитария жана гигиена>> проектисин ишке ашыруу жана андан ары улантуу.

 

2021-2022-окуу жылында 15-сентябрь билим кунуно карата «Кут билим» газетасы сунуштаган темалар боюнча 1-4-класстарында «Туболукко желбирей бер эгемендик желеги», 5-9-класстарда «Эгемендуулук Кыргызстан» аттуу темаларда класстык сааттар отулду. 15-сентябрь «Билим кунуно» арналган салтанаттуу линейка жогорку денгээлде болуп отту.

Линейка 1-9-класстарынын окуучулары жана меймандар келип катышышты. Жалпы жамаат менен бирдикте мектептин ички, тышкы кире бериштерин желекчелер жана шаарлар, колго жасалган гулдор менен жасалгаланды. Мектеп босогосун биринчи аттанган биринчи класстын окуучулары чыдамсыздык менен кутуп, мектептин ачылышына даярдалган майрамдык концерт жана куттуктоо создор тартууланды.

Мектепте класстан тышкарыкы таалим тарбия иштеринин тийиштуу денгээлде жургузулушу учун атайын иш-чаралардын иш-планы тузулду. Окуу убактысы белгиленип, класстар эки сменага болуштурулду.

Ар бир башталгыч класстардын кабинетине экиден класс 1-2-смена боюнча берилди. Класс жетекчилер предметине жараша ар бир класска бекитилди. Класс жетекчилер тарабынан окуучулар жонундо жалпы маалымат алынды. Тарбия иш боюнча жылдык планды бекитилип, педагогикалык коллективке тааныштырылды. Бардык класстарга класс жетекчилер бекитилди, классттык журналдар бекитилип, жаны класс жетекчи болгон жаш адистерге насаатчылар болунду, класс жетекчилердин бирикмеси тузулду.

Ар бир класста уюштуруу маселелери жургузулду (класс активдери шайланды, класстык бурчтар, ден соолук бурчтары). Ар бир класс жетекчи тарабынан ЖЖЭ, ОК, ТК, ССЭ озгочо кырдаал боюнча окуучуларга нускама отулду (окуучуларга кол койдуруу), мектептин уставын менен тааныштыруу (1-9-класстар). 5-класстарды предмет мугалимдери жана кабинеттер менен тааныштыруу, маршруттук баракчалардын схемалары тузулду. Мектеп парламенти тузулуп, лидерлери шайлоо болуп тандалып алынды. Мектептин президенти болуп 9-класстын окуучусу Рахимбердиева Гульназ дайындалды. МЖЖ, ИЖЖ, ЖОКО окуучулардан тузулуп, ар бир отрядка жоопту класс жетекчилер болунду. Жол коопсузудугу, наркология, СПИД борбору, туберкулез, ИИМ менен биргелишкен план тузулду.

20-сентябрда Ж. Абдрахманов 130 жаш кунуно арналган класстык саат отулду. Омур жолу эмгектери боюнча маалымат берилди.

 

 

23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил кунуно карата кыргыз тили жана адабият мугалимдери тарабынан тил кунуно арналган маалыматтар илинип майрамдык корунушту жасалгалашып, 23-сентябрь куну кыргыз тили жана адабият мугалимдери уюштурган майрамдык кеченин ачылышы болуп отту. 8-9-классынын окуучулары тарабынан «Эне тилим-эне сутум» атту темада иш-чара болуп отту. Бул иш-чарага 3-9-класска чейинки окуучулар жана жалпы мугалимдер катышышты. Иш-чарада кыргыз тили боюнча ырлар, кыргыз элинин унутта калган создору, улуттук кийимдер, дубал газеталары, башталгыч класстын окуучулары ырларды айтып беришкендиги абдан кызыктуу болду.

 

1-октябрь «Карылар күнүнө» карата мектепте иш-чара болуп өттү. Иш-чарага 5-9-класстын окуучулары активдүү катышышты. Окуучулар класс жетекчилери менен биргеликте айылдагы улгайган карыларды барып, куттукташып, белектерин беришип, оор жумуштарына жардам берип, сый корсотуп, жылуу создорун арнап, улгайган апалардын көңүлүн көтөрүп келишти. Жалпы окуучуларга «Ата жолоп турган тирек, Эне акыл-насаат булагы» деген темада  класстык сааттар отулуп, карыларга сый урмат корсотуу ар бир адамдын милдети экендиги, «Карысы бардын ырысы бар» деген создун маани манызын тушундурулду.

 

 

5-октябрь «Мугалимдер күнүнө» карата мектеп организатору жана окуучулар тарабынан чакан концерттик  программа уюштурулду. Мектеп окуучулары мугалимдерге арнап ырдап, бийлеп, тамашалуу сценарийлерди тартуулашты.

21-октябрь «Мектеп китепканаларынын күнүнө» карата класстык сааттар өткөрүлдү. Класстык саатта класс жетекчилер китеп тууралуу кызыктуу фактылар менен кошо пайдалуу видео урокторду коюп беришти. Балдар китептин тарыхын,анын баалуулуктары жөнүндө кеңири маалымат алышты.

19-ноябрь «Алтын күз» майрамы уюштурулду. Иш-чарага 1-4-класстын   окуучулары дубал гезиттер менен ар түрдүү мөмө–жемиштердин  сүрөттөрүн тартышып өз өнөрлөрүн тартуулашты. Мыкты сүрөт тарткан окуучулар белектер менен сыйланды. 5-9—класстын окуучулары арасында  «Окшотуп жасоо» таймашы  уюштурулду. Окуучулар ар түрдүү  күзгү көрүнүштөрдү жасашып   чыгармачылык менен активдүү  катышышты.

 

 

 

 

22-ноябрь «Туура тамактануу- денсоолуктун сакчысы» деген темада  класстык сааттар өткөрүлдү.

Окуучуларга туура тамактануунун алтын эрежелери айтылып,пайдалуу жана зыяндуу азыктар боюнча кеңири маалымат берилди. Технология мугалими туура тамактануунун эрежелерин сактаган адам узак өмүр сүрөөрүн жана анын сырлары менен бөлүшүп, «Ичеги үчүн скраб» технологиясын практика жүзүндо көрсөтүп берди.

 

1-декабрь «Спид кылымдын чумасы» аттуу иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарага 5-9-класстын окуучулары катышышты. Окуучулар оорунун коркунучтуу түрү болгон спид оорусу тууралуу маалымат алышты. Окуучулар «Токто Спид!» деген музыкалык кече тартуулашты. Иш-чарада адамдардын он терс жактарын чагылдырган вилеороликтер корсотулуп, мугалимдер тарабынан комментарийлер уктурулду. Жыйынтыгында окуучулар жаман адаттан сырт болсок, жаман оорудан сак болобуз деген созго ынанышты.

4-декабрь «Манас эпосунун күнүнө» арналган иш-чара уюштурулду. Иш-чарага мектеп окуучулары жалпы активдүү катышышты. Манас бабабыздын баатырдыгын,айкөлдүгун, патриоттуулугун, тайманбастыгын даңазалаган сахналаштырылган эпизоддор коюлду. 1-4-класстар арасында «Мыкты манасчы» конкурсу уюштурулуп, манасты мыкты айткан окуучулар грамоталар менен сыйланды. Окуучулар манастап ураан чакырышып Манас атадай алгыр, шамдагай, эр журок, патриот болууга ант беришти.

12-декабрь «Залкар жазуучу Айтматов Чыңгыз Төрөкуловичтин» жаркын элесине жана «Улуттук адабият күнүнө» арналган масштабдуу иш-чара болуп өттү. 5-6-класстар арасында «Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы каармандар» аттуу сурот коргозмосу жана статуеткаларды жасоо боюнча конкурс уюштурулду. 7-8-9-класстын окуучуларынын тарабынан  адабий-музыкалык кече тартууланды. Иш-чарада залкар жазуучунун омур баяны, эмгек жолу, жеке жашоосу, аны дуйного тааныткан калеми тууралуу доклад баяндалды. Иш-чарага мыкты катышып, актердук чеберчилигин корсото алган окуучуларга Ардак грамоталар тапшырылды.

 

20-декабарь «Жолдо жүрүүнүн эрежелери жана өрт коопсуздуг» деген темада класстык сааттар откорулду. Балдарга  жолдо журуунун эрежелери жана орт коопсуздугу жонундо маалымат берилип видео сабактар коюлду.

26-27-28-декабрда «Жаны жылдык жаны жомок » аттуу иш-чара башталгыч класстын окуучуларына пандемияга байланыштуу класстын ичинде откорулду.

20-январь «Тарбия башаты –үй-бүлө» аттуу жалпы мектептик ата-энелер чогулушу откорулду. Чогулуштун максаты:

  1. Окуучуларды тартипке, адеп ахлакка, бири-бирин сыйлоого, жоопкерчиликтуу болууга тарбиялоо.
  2. Ата-эненин балага болгон жоопкерчилигин жана милдетин билууго, класс жетекчилери менен биргеликте ынтымактуу иш алып баруусуна чакыруу.
  3. Окуучуларды сабакка кызыктырууда ар кандай иш-чаралардын негизинде (сабакка байланыштуу ачык сабак, таймаштар, конкурс жана экскурсиялар) окуучулардын жетишкендиктерин грамота, чакан белек менен сыйлоодо окуучуларга стимул, мотивация берип билим сапатын которуу.
  4. Ата-энелер менен биргеликте окуучулардын билим денгээлин которуу, сабакка болгон кызыгуусун арттыруу, мектеп иш-чараларына активдуу катышууда ой жугуртуусун калыптандыруу, инсанга багытталган сапаттарга тарбиялап, ойлоо иш-аракеттерин активдештируу.

Кун тартибинде каралуучу маселелер:

  1. Окуучулардын тартиби, мектептин уставына ылайыктуу сырткы кийимдери жана тазалыгы.
  2. Окуу базисттик программасы, билим сапатын которуу.
  3. Окуучулардын жетишкендиктери.
  4. Ата-эне, мектеп, мугалимдер менен тыгыз байланышы.
  5. Окуучулардын билим сапатын которуудо ата-эненин жардамы.
  6. Зордук зомбулуктун алдын алуу.
  7. Ар бир бала ата-эненин козомолундо болуу (уюлдук телефонун козомолдоп туруу)
  8. Кундолук
  9. Окууларында жакшы жетишкен окуучуларды сыйлоо.

Чогулушта мектеп директору Карагулов Эркинбек Байышбекович ата-энелерге чогулуштун максаты, милдеттери менен тааныштырып, окуучуларга сапаттуу билим беруу учун ата-энелер менен чогуу шарт тузуу бирден бир максат экенине токтолуп отту. Чогулуштун журушундо ата-энелер менен биргеликте коздогон максаттарга жетуу учун алгачкы максат, пландар тузулуп,токтом кабыл алынды.

Чогулуштан сон «Улгулуу окуучу», «Ынтымактуу класс», «Таза кабинет» номинациялары боюнча сыйлыктар тапшырылды.

«Улгулуу окуучулар» номинацияларынын ээси деп:

1.Рысбекова Айбегим  5 «А» класс

2.Эшенкулов Ислам     6 «А» класс

3.Патеков Акрам          6 «Б» класс

4.Алибаева Даяна         7 «А» класс

5.Улукбекова Нуриза   8 «А» класс

6.Рахимбердиева Гулназ 9 «А» класс

7.Исмайылов Байел 9 «А» класс табылды.

Жогорудагы аты аталган окуучуларды мектеп директору Ардак грамоталар жана кол сааттар менен сыйлады.

«Ынтымактуу класс» номинациясынын ээси деп 8 «А» классы табылып,класстын атына жазылган Ардак грамота жана  2 торт менен сыйланышты.

«Таза кабинет» номинациясынын ээси деп:

  1. 5- кабинет, 1 «Б» классы, жоопту Асыкбек кызы Жибек
  2. 1-кабинет 4 «А» классы, жоопту Ополова Наргиза Султановна
  3. Кыргыз-тили кабинети 5 «А» классы, жоопту Абдураимова Нурийла Тахировна табылды. Сыйлыкка Ардак грамота жана кабинетке илинчу чон сааттар белекке берилди.

Ал эми «Окууда жакшы жетишкен окуучулар» деп 40 окуучуга белек учун китеп жана блокноттор тапшырылды.

 

 

 

 

8-февраль аймактык тескоочу                                 келип окуучулар менен «Адепсиздик-кылмыш, кылмыштын акыры-жаза » деген темада чогулуш отту. Кылмыштуулуктун эн негизги 8 кесепети жонундо маалымат берди.

1.Уй-булонун ыдырашы

2.Зордук-зомбулук жана мезгилсиз кыйылган омур.

3.Сексуалдык бузукулук

4.Экономикалык жоготуулар

5.Психикалык дисбаланс

6.Активдердин нарксыздануусу

7.Локалдаштырылган терс пикирлер

8.Окмоттун баш тартуусу

Чогулуштун аягында аймактык тескоочу  окуучуларды  мектептин уставына баш ийууго, одоно терс сапаттардан оолак болууга, достору, жоро жолдоштору менен ынтымакту болуууга, улууну урматтап, кичууну ызаттоого, КР нын мыйзамдарына баш ийууго чакырды.

 

14-февраль «Афган кунуно» карата иш-чара уюштурулду. Иш-чарага мектеп окуучулары активдуу катышышты. Айыл афганецтери чакырылып аларга концерттик программа тартууланды.

21-февраль «Эл аралык  эне тил куну» белгиленди. Иш-чарага 5-9-класстын окуучулары катышышты. Ар бир класс ар олконун тилин, желегин, озгочолукторун, ырын,бийин бийлешип таймашышты. «Ар «»улуттун ынтымагы,достугу бул –онугуунун шарты», «Кыргызстан коп улуттуу олко» деген болумдор менен жабдылып, окмуштуулардын ой-пикирлери менен жазылган материалдар коюлду. Таймашка активдуу катышкан окуучулар мектеп директору тарабынан  сыйлыктар менен сыйланды.

23-февраль «Мекенди коргоо кунуно» карата иш-чара уюштурулду. Иш-чарада 8-9-класстын окуучуларына «Чептен эрдин кучу бек» деген темада класстан тышкаркы сабак откорулду.

Класстан тышкаркы иштин максаты: окуучулардын мекенге болгон суйуусун бекемдоо, туулган жердин топурагы алтын деген накыл кептин туюнтмасына жооп издоо. Кеченин жасалгасы: коргозмо иретинде кыргыз тарыхындагы баатырлардын суроттору жана алардын жасаган иштери боюнча баяндамалар окулду. Сабакта 8-9-класстын окуучулары 2 командага болунушуп, Ак-47 курал жабдыгын кураштыруу жана пагондордун аталышын туура атоо боюнча таймашышты. Таймаштын журушундо окуучулар мыкты даярдыктан откондукторун корсото алышты. Командалардын ишмердуулугун козомол кылуу учун калыстар тобу дайындалып, женуучу команда тандалып алынды.

 

 

3-март Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик  Туу кунуно карата иш-чара болуп отту. Иш-чараны  жалпы мектеп жамааты ошондой эле окуучулары гимнди ырдоо менен башташып, башталгыч класстын окуучулары кыргыз желеги жонундо ырларды, декламацияларды айтышты.  5-6-7-класстын окуучулары чакан концерттик программа коюп ырдап, бийлеп беришти. 9-класстын окуучусу мектеп президенти Рахимбердиева Гулназ Туунун  авторлорун жана анын чечмелениши боюнча айтып берди. Жогорку класстын окуучулары Туу кунунун урматына Кыргыз желегин бийик которуп кыска муноттук журуш жасашты. Ищ-чаранын журушундо окуучулар Кыргыз республикасынын мамлекеттик туусу, герби, гимни жана алардын пайда болуу тарыхы боюнча маалымат алышты. Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын символдорун урматтай билууго жана Атамекенини суйууго тарбияланышты. Иш-чарадан сон класс жетекчилер класстык сааттарды отушту.

 

5-март «Калпак» куну белгиленди. Иш-чарага жалпы мектеп окуучулары активдуу катышышып,эркек балдар ак калпак кийишип иш-чаранын коркун ачышты. Башталгыч класстын окуучулары «Калпагым-менин сыймыгым» деген чакан адабий-музыкалык кече тартуулашты. 5-6-класстын окуучулары  калпак тууралуу кызыктуу фактылыр, калпактын турлору, калпак тууралу макал-лакаптарды айтышты. 7-8-9-класстын окуучулары «Ала-Тоонун символу “Ак калпак” аттуу конкурстун негизинде таймашышты. Таймашта 8-класстын окуучулары тарабынан даярдалган « Калпак тууралуу кызыктуу таыхый маалыматтары» жалпы коруучулордун купулуна толду.

8-март Айымдардын эл аралык майрамына карата иш-чара уюштурулду. Иш-чарада мектептин эркек мугалимдери жана окуучулар, мугалим айымдар менен кыздарды майрамдары менен кызуу куттукташты. Ошондой эле ата-энелер чакырылып,концерттик программа тартууланды. Концерттик программада жогорку класстын окуучулары «Асылзат бул-Аялзат» деген музыкалык кече тартуулашты. «Апалар бар дуйно башкача», «Бейиш эненин таманынын астында», «Эне уйдун куту» деген темада кыскача баяндамалар окулуп, энелерге таазим этилди.

21-март «Нооруз –жаз алып келген жаны кун » аттуу иш-чара белгиленди. Иш-чарада кыргыз элинин каада-салттары, улуттук оюндары, тамак-аштары боюнча таймаш откорулду. Таймашка 1-9-класстын окуучулары активдуу катышышты. 6-9-класстын окуучулары тарабынан улуттук колоритке басым жасаган мода коргозмосу уюштурулду. Катышуучулар сахнада оздору кийип турган улуттук кийимдери тууралу маалымат беришти. Мыкты оюн-зоок тартуулаган окуучулар сыйлыктар жана грамоталар менен сыйланышты.

 

 

Буткул дуйнолук китеп куну!

Китеп бул: маалыматтыы сактоонун, аны муундан-муунга ондурумду откоруп беруунун бир формасы. Илим билим, маданият, адабий-коркомчыгармаларды жайылтуунун, сактоонун маанилуу каражаты.

Окуучулар учун китепканага ачык эшик куну болуп ар бир окуучу озу каалаган адабий чыгарма китептерди алып окуп, кызыктуу откорулду.