Медетбек кызы Махабат

Башталгыч класстар мугалими

Мен Медетбек кызы Махабат  1997-жылы 23-январда Талас областынын Бакай-Ата районуна караштуу Үйүр-Марал айылында төрөлгөм.

2003-жылы Маданият айылындагы Э.Казакеев атындагы орто мектептин 1-классына кабыл алындым жана аны 2012-жылы аяктадым.

2012-жылы Евразиялык колледжинин экономика факультетинин финансы жана кредит бөлүмүнө кабыл алынып, 2015-жылы колледжди бүтүрдүм.

2020-жылы Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинин Башталгыч класс бөлүмүнө кабыл алынып, 2022-жылы ийгиликтүү аяктадым.

2022-жылы «Аманат» Октябрь жалпы билим берүү орто мектебинде башталгыч класстын мугалими болуп иштеп баштадым.