Карагулов Эркинбек Байышбекович

Директор

Карагулов Эркинбек Байышбекович, 2020-жылы, жаңы түзүлгөн, Октябрь «Аманат» жалпы билим берүү орто мектебине директор болуп дайындалып, мектеп 2021-жылдын 15-сентябрында ишке берилген.

Карагулов Эркинбек Байышбекович, 1984-жылы Чүй облусунун Жайыл районунун Ак-Башат айылында туулган. 2011-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу адистигин аяктап, мамлекеттик башкаруудагы «Менеджер» кваликациясына ээ болгон. Андан соң, 2014-жылы Кыргыз Мамлекеттик юридикалык академиясын аяктап, юриспруденция багыты боюнча магистр академиялык даражасы ыйгарылган. Эмгек жолун 2012-жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинде окутуучу болуп баштап, 2012-жылдан ушул убакка чейин Ак-Ниет балдарды коргоо борборунда жетекчи, 2014-жылдан 2020-жылга чейин Кыргыз Мамлекеттик юридикалык академиясында окутуучу болуп иштеп келген.